Электр акустикасы

Википедия дан

Электр акустикасы – электр акустикалык өзгөрткүчтүн теориясын эсептөө методдорун жана конструкциясын камтыган колдонмо акустиканын бөлүмү.

Электр акустикасына электр механикалык өзгөрткүчтөр (үн алгычтар, рекордер, виброметр, электр мехникалык чыпкалар ж. б.) кирет. Электр акустикасын өзгөрткүчтөрүн жазуучу жана үн чыгаруучу аппаратурага, ультраүн дефектоскопиясындагы, гидроакустикалык, голографиялык аппаратураларга кирет. Электр акустикасынын негизги маселеси – өзгөрткүчтөрдүн киришиндеги жана чыгышындагы сигналдардын өз ара катышын аныктоо жана өзгөртүп түзүүнүн бузулбай турган жана эффективдүү жолдорун изилдөө. Электр акустикасы колдонмо акустиканын өзүнчө бөлүмү катары 20-кылымдын биринчи жарымында түзүлгөн. Анын өнүгүшү телефониянын өнүгүшү, пъезоэлектр жана магнит-стрикция резонаторлорунун термелүүлөрүн изилдөөсү менен байланышкан. Электр акустикасынын илгерилешинде электр-акустикалык окшоштуктар методдорун түзүүнүн жана эквиваленттик схемаларды пайдалануунун ролу зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]