Электр вакуум приборлору

Википедия дан

Электр вакуум приборлору – иштеши электрондордун жогорку вакуумдагы кыймылына негизделген куралдар.

Электр вакуум приборлоруна электрондук лампалар (түзөткүч, генератордук, күчөткүч, кошуучу, индикатордуу ж. б.), электрон-нур түтүктөрү (кинескоп, иконоскоп, видикон ж. б.), фотоэлектрондук приборлор (фото-электрондук көбөйткүч, электрон-оптикалык өзгөрткүч, рентген түтүктөрү ж. б.) кирет. Электр вакуум приборлору радио жана телекөрсөтүү техникасында, өлчөө жана эсептөө техникасында, автоматикада, медициналык приборлордо ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]