Электр заряды
Электр заряды ― электромагниттик талаанын булагы; заряддуу бөлүкчөлөрдүн электромагниттик өз ара аракеттенүүсүн аныктоочу физикалык скалярдык чондук.
Электр заряды электр жөнүндөгү түшүнүктөрдүн бири. Электр зарядынын болушун, кыймылын жана өз ара аракеттешүүсүн электр жана магнит кубулуштарынын толук жыйындысы түшүндүрөт. Электр заряды шарттуу түрдө оң жана терс деп экиге бөлүнөт. Мында бир аттуу заряддалган нерселер (бөлүкчөлөр) түртүлүшөт, ал эми түрдүү заряддалгандар тартылышат. Бул кубулушту 1733-1734-ж. француз физик Ш.Ф. Дюфе аныктаган. Электрленген айнек таякчанын заряды оң, ал эми чайырдыкы (янтарь) терс деп аталат. Тынч жаткан заряддалган бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү күчү Кулон законуна баш ийет. Электр заряды менен электр магнит талаасынын байланышы Максвелл теңдемелери боюнча аныкталат. СИде Электр заряды кулон менен ченелет.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4