Электр машинасы

Википедия дан

Электр машинасы - электр-магниттик индукция жана Лоренд күчү кубулуштарына негизделген, магнит талаасында кыймылдаган, тогу бар өткөргүчкө аракет кылуучу энергияны электр-механикалык өзгөрткүч.

Ал механикалык энергияны электр энергиясына жана электрди механикалык энергияга, ошондой эле электр энергиясын чыңалуусу, токтун түрү, жыштыгы ж.б. параметрлери боюнча айырмалануучу электр энергиясына өзгөртүүчү машина. Механикалык энергияны электр энергиясына электр машиналуу генератор, электр энергияны механикалык электр кыймылдаткычы өзгөртөт. Токтун түрүн, жыштыгын, фаза санын, чыңалуусун өзгөртүү электр-машина өзгөрткүчү, электр-машина күчөткүчү, электр трансформаторлору менен ишке ашырылат. Электр машинасына атайын арналыштагы машиналар да (магнето, ширеткич генератор, техногенератор, тартуу күчүн пайда кылуучу кыймылдаткыч) кирет.

Электр машинасы ички күйүү кыймылдаткычына караганда эртерээк пайда болду. 1828-жылы тээ венгриялык ойлоп табуучу Агиос Джедлик унаага караганда скейтбордго окшош электр троллейбусун жасаган.[1]

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Электр транспортунун тарыхы.. Текшерилген күнү 5 -июнь (кулжа) 2020. Түп булактан архивделген күнү 5 -июнь (кулжа) 2020.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4