Электр менен чалгындоо

Википедия дан

Электр менен чалгындоо - чалгындоо геофизикасынын бир бөлүмү.

Электр менен чалгындоонун 50дөн ашык ыкмалары жана модификациялары бар. Алар геологиялык структураларды изилдөөдө, геологиялык карта түшүрүүдө, кен байлыктарды издөөдө жана чалгындоодо кеңири пайдаланылат.

Электр менен чалгындоо изилдөө принциптерине жараша 2 топко бөлүнөт:

1) туруктуу ток менен чалгындоо ыкмасында 2 электроддун жардамы менен жерге туруктуу ток жиберилет. Анын натыйжасында пайда болгон чыңалуу башка 2 электроддун жардамы менен өлчөнөт. Алардан каршылык эсептелип чыгарылат. Электроддун конфигурациясын эске алуу менен бул каршылык жер астындагы кайсыл мейкиндикке таандык экени такталат. Электроддун ток таратуусун чоңойтуу менен улам терендеп изилденет. Ал вертикалдык электр зонддоосу үчүн негизги факторлордун бири болуп саналат. Бул топко, ошондой эле полярлашуудан пайда болгон талаанын фазасын жана амплитудасын өлчөөгө, 1 уюлдуу аралаш жана 2 уюлдуу электр зонддоого, туруктуу ток менен 2 жана 3 өлчөмдүү томографияга негизделген модификациялар да кирет;

2) электр магниттик зонддоо ыкмасы негизинен, геологиялык кесиндини катмарларга, блокторго ажыратуу жана катмарлардын жайгашуу ыраатын аныктоо талап кылынган региондук, тектон. структуралык картага түшүрүү жана чалгындап изилдөөлөрдө пайдаланылат. Нефть жана газ кендерин издөөдө кеңири колдонулат. Электр томографиясы кенташ чалгындоосунда, экологиялык жана инж.-геологиялык маселелерди чечүүдө чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4