Электр системасы

Википедия дан

Электр системасы - электр станциялардын, электр берүүчү линиялардын, өзгөрткүч подстанциялардын жана электр энергиясын керектөөчүлөрдүн параллель иштөөсү үчүн бириккен жыйынды.

Электр системасы станциянын, подстанциялардын жана электр тармактарынын иштерин координациялоо үчүн жалпы резервге жана борбордоштурулган операция-диспетчердик башкарууга ээ. Көпчүлүк учурда Электр системасы жылуулук-электр борбору менен жылуулук тармагын камтыган электр-энергетикалык система (ЭЭС) менен бирдей. ЭЭСти аныкталган кубаттуулугу, башка система менен болгон байланышы, структурасы, генерациялоочу кубаттуулугу, нагрузканын чоңдугу ж. б. боюнча айырмалайт. Аныкталган кубаттуулугу боюнча 5 Гвгтан жогору, 1ден 5 Сетка чейин, 1 Сетка чейинки болуп уч топко бөлүнөт. ЭЭСтин структурасы жана аныкталган кубаттуулугу электр станция (жылуулук, гидро, атомдук ж. б.) системасынын тибине жана кубаттуулугуна жараша болот. Электр системасынын (же ЭЭС) иштеши режим процесстердин жыйындысы (кубаттуулук, чыңалуу, ток, жыштык ж. б. чоңдуктар) менен мүнөздөлөт. ЭЭСтин негизги милдети-борборлоштурулган энергия менен жабдууну камсыз кылуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.