Электр станциясы

Википедия дан
Электр станциясы

Электр станциясы - электр энергиясын алууда пайдаланылган орнотмолор менен жабдуулардын, ошондой эле белгилүү бир аймакта жайгашкан курулмалар менен имараттардын тобу.

Пайдаланылып жана курулуп жаткан Электр станциясы энергия булагына карата жылуулук Электр станциясы (ЖЭС), атом (АЭС) жана гидро Электр станциясы (ГЭС), магнит-гидродинамикалык генератор ж. б. болуп айырмаланат. Электр станциясынын башка түрлөрүнө Күндүн, шамалдын, жер астынан чыккан ысык суулардын энергиясы менен иштеген станциялар кирет. Алардын жалпы электр өндүрүшүндө мааниси аз. Кыргнда 1- Электр станциясы Ош шаарында Ак-Буура дарыясында курулган. Анын турбинасынын кубаттуулугу 180 кВт, генератору 55 кВт болгон. Нарын дарыясында - Токтогул ГЭСи (кубаттуулугу 1200 миң м

Вт), Ат-Башы (40 миң МВт), Үч-Коргон (180 МВт) КүрпСай (800 миң кВт), Камбар-Ата, Таш-Көмүр ГЭСтери иштеп жатат Бишкекте (кубаттуулугу 800 миң кВт), Ош ш-да (50 миң кВттык) ЖЭБ иштейт, к. Ат-Башы гидроэлектростанциясы, Токтогул гидроэлектростанциясы макалаларын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4