Электр талаасы

Википедия дан

Электр таласындагы жумуш талаасы - электр-магнит талаасынын бир формасы.

Курчаган мейкиндикте ар бир электр заряды жана өзгөрмөлүү магнит талаасы Электр талаасын пайда кылат. Электр талаасы аркылуу заряддардын өз ара аракеттенүүлөрү аткарылат. Электр зарядга аракет этүүсү заряддын кыймылынын ылдамдыгына көз каранды болбойт. Электр талаасынын негизги сандык мүнөздөмөсү - Электр талаасынын чыңалышы Е . Ал мейкиндиктин берилген чекитинде зарядга аракет этүүчү F күчтүн чекитте жайгашкан q заряддын чоңдугуна болгон катышы менен аныкталат: E = F /q. Электр талаасы чөйрөдө андан тышкары электр индукциясынын D вектору менен мүнөздөлөт. Мейкиндиктеги Электр талаасынын бөлүштүрүлүшүн Электр талаасынын чыңалышынын күч сызыктарынын жардамы менен сүрөттөөгө болот. Электр заряды жараткан Электр талаасынын күч сызыктары оң заряддан башталып, терс заряд менен бүтөт. Өзгөрмө магнит талаасы пайда кылган куюндуу Электр талаасынын күч сызыктары туюк болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4