Электр тармагы

Википедия дан

Электр тармагы - электр энергиясын анын булагынан керектөөчүлөргө берүү жана бөлүштүрүү үчүн колдонулуучу курулмалардын жыйындысы.

Керектөөчүлөрдү камсыздандыруу сапаты Электр тармагынын иштешине көз каранды. Электр тармагы чоң энергетикалык бирикмелерди (энергия системаларын) түзүү, электр энергиясын алыс аралыкка берүү максатында да колдонулат. Өндүрүлүүчү электр энергиясынын 98% и аба линиясы жана кабель аркылуу берилет. Электр тармагынын түрү, чыңалуусу, токтун теги, аткаруу милдети ж. б. боюнча айырмаланат. Электр тармагы ички, алардан тышкары курулган тармактар тышкы деп аталат. Ошондой эле шаардык, айылдык жана электр системалык Электр тармагы болуп бөлүнөт. Кыргызстанда Электр тармагын куруу абдан өнүккөн, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрү, Нарын облусунун бардык райондору Электр тармагы менен бириктирилген. Ош облусунун Электр тармагы Талас өрөөнү менен, Бишкек энергия системасы, Алматы энергия системалары менен байланыштырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4