Электр термелүүсү
Көрүнүш
Электр термелүүсү ⎯ өлчөм-дөрү электр-магнит толкун узундугуна караганда кичине квазитуруктуу тизмектеги электр-магниттик термелүү.
Бул шарт термелүү процессинин толкундук мүнөзүн эсепке албоого жана I = dQ/dt үзгүлтүксүз теңдемесине ылайык электр заряддарынын Q жана ток күчтөрүнүн I термелүүсү катары кароого мүмкүндүк берет. Электрдик термелүүлөр термелүү контурунда LI+RI+I/C=ε(t) теңдемеси боюнча аныкталат, мында L − индуктивдүүлүк, С − сыйымдуулук, R − каршылык, ε − сырткы ЭКК.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0