Электр тизмеги

Википедия дан

Электр тизмеги - электр энергия булагын, кабылдагычын туташтыруучу өткөргүчтөрдүн жыйындысы.

Электр тизмегине бул элементтерден башка ажыраткыч, ажыратып-туташтыргыч, электр сактагыч ж. у. с. сактоочу, өзгөртүүчү электр аппараттары, ошондой эле өлчөөчү жана текшерүүчү приборлор кирет. Электр тизмегинде электр энергиясын алуу, берүү, бөлүштүрүү же бир энергияны энергиянын башка түрүнө айландыруу жүзөгө ашырылат. Ток булагында энергиянын кандайдыр бир түрү электр энергиясына өзгөртүлөт. Кабылдагычтар электр энергиясын жылуулук, механикалык, ж. б. энергияга айландырат. Электр тизмеги туруктуу жана өзгөрмөлүү болуп айырмаланат. Эки уюлдук, төрт уюлдук жана көп уюлдук түрдө туташтырылган үч фазалуу Электр тизмеги кеңири тараган. Электр тизмеги түшүнүгү электр-техника, автоматика, бионика ж. б-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4