Электр өткөргүчтүк

Википедия дан

Электр өткөргүчтүк - электр талаасынын таасири астында нерселердин электр тогун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жана бул жөндөмдүүлүктү сан жагынан мүнөздөөчү физикалык чоңдук.

Өткөргүчтө дайыма бош электр зарядын алып жүрүүчүлөр (электрондор, иондор) болот. Алардын багытталган (иреттүү) кыймылы электр тогу. Көп өткөргүчтөрдүн Электр өткөргүчтүк (металлдардын, жарым өткөргүчтөрдүн) алардагы бош электрондордун болушу менен шартталган. Электролиттерде электр тогун иондор, плазмада болсо аралаш иондуу жана электрондуу өткөрүмдүүлүк ташыйт. Чындыгында Электр өткөргүчтүк заттын температурасына, структурасына (агрегаттык абалына, дефекттерине) жана сырткы таасирге (магнит талаасы, нурландыруу, электр талаасы) да көз каранды болот. Температуранын жогорулашы менен металлдарда азаят, жарым өткөргүчтөрдө жогорулайт. Диэлектрикте эң жогорку чыңалуу гана Электр өткөргүчтүктү чоңойтот. Электр өткөргүчтүктү өлчөө материалды (айрыкча металлды, жарым өткөргүчтүн тазалыгын) изилдеп үйрөнүүнүн маанилүү методдорунун бири болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4