Элементтердин мезгилдик мыйзамы

Википедия дан

Элементтердин мезгилдик мыйзамы ― химиялык элементтердин атомдорунун ядролук заряддарынын көбөйүшүнө жараша касиеттеринин мезгилдүү өзгөрүшүн туюнтуучу мыйзам.

Аны1869-жылы Д. И. Менделеев ачып, «Химиялык элементтердин бирикмелеринин касиеттери алардын атомдук массаларына мезгилдүү көз каранды» дед аныктама берген. Бул мыйзамдын физикалык мааниси атомдордун электрондук түзүлүшү толук изилденгенден кийин такталган. Атомдун химиялык касиети, анын атомунун ядросунун зарядынын өсүдгү менен өзгөрүүчү электрондук деңгээлдеринин түзүлүшүнө байланыштуу экендиги аныкталган. Азыркы мезгилде бул мыйзам төмөнкүдөй айтылат: «Химиялык элементтердин бирикмелеринин касиеттери алардын атомдорунун заряддарынамезгилдүу көз каранды болушат.» Элементтердин мезгилдик мыйзамдын илимий жана философиялык мааниси чоң. Мыйзамдын негизинде бардык химиялык элементтердин өз ара байланышы аныкталып, илимде ачыла элек элементтердин касиетин алдын ала билүүгө болот. Химиялык, физикалык, астрофизикалык, космос химиясы ж. б. илим тармактары элементтердин мезгилдик мыйзамына таянып өсүүдө жана жаңы ийгиликтерге жетишүүдө.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4