Элементтер миграциясы

Википедия дан

Элементтер миграциясы – жер кыртышында жана анын үстүңкү бетинде химиялык элементтердин таралышы жана орун которушу.

Терминди 1923-ж. А. Е. Ферсман киргизген, Э. м. суюктук, газдуу жана катуу фазада болот. Катуу түрүндөгү элементтердин шилениши механикалык жол менен (эшилме, суу агымы, чад ж. б.) журет. Элементтер суу эриндисинде ион, молекула, коллоид бөлүкчөлөрү түрүндө, газда молекула формасында жана аэрозол түрүндө топтолот жана орун которот. Ар бир элементтин миграциялануу жөндөмдүүлүгү табигый минерал бирикмелерге, элементтердин миграциялануучу физикалык-химиялык шартына жараша ар башка болот. Натыйжада айрым элементтер шиленип жана чачылса, айрымдары топтолуп, ө. ж. маанисиндеги кендерди пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.