Эликбаев Аалы

Википедия дан

Эликбаев Аалы (1900, Ысык-Көл (азыркы Нарын) обл., Тянь-Шань (азыркы Нарын) району, Орто-Саз кыш. - 1970, ошол эле жерде) - Социалисттик Эмгекке Баатыры (1948).

1944-жылдан Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Киров атындагы колхоздун башкармасы болуп иштеген. Анын жетекчилигинде колхоздун экономикасы чыңалып, малдын саны көбөйгөн, кунардуулугу жогорулап, мамлекетке айыл чарба азыктүлүгүн тапшыруу планы жыл сайын ашыгы менен аткарылган. 1947-ж. ал башкарган чарба 81 бээден 80 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4