Элина Абай кызы

Википедия дан
Элина Абай кызы
Туулган датасы:

2 -апрель 1990(1990-04-02) (33 жаш)

Туулган жери:

Бишкек

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

Актриса, Бийчи

Карьерасы:

2006 - азыркы учурда

Элина Абай кызы - 1990 жылы 2- апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал алгач “Версус” тобунун бийчиси катары таанылса, кийин “Арууке” бий тобун ачышкан.

2015-жылы "Даңк" медалынын ээси. 2018-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

Элина Абай кызы актрисалык карьерасын 9-классында Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасмасына тартылуу менен баштаган. Андан сырткары актриса “Уурунун махабаты”, “Гаишники”, "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра" "Курманжан Датка" тасмаларында роль жараткан. Ал эми “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча Элина Абай кызы "2010-жылдын мыкты актрисасы" деп табылган

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]