Элина Каракулова

Википедия дан
Каракулова Элина
Ишмердүүлүгү

медиа-эксперт

Каракулова Элина Кубанычбековна – “Интерньюстун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Archived 2022-03-02 at the Wayback Machine (2016-жылдан бери) , Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин (азыркы КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги) Мамлекеттик маалыматтык саясат боюнча кеңешинин мүчөсү (2014-жылдан бери), ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү боюнча бир нече жумушчу топтун мүчөсү.

Элина Каракулова “Интерньюска” келгенге чейин “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Маалымат эркиндиги” Программасынын директору болгон (2011-жылдан 2016-жылга чейин). Бишкекте, Нью-Йоркто, Москвада, Вашингтондо жана Чикагодо ар кандай медиа каражаттарында жана маалымат долбоорлорунда иштеген.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элина Каракулова – Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика жана массалык коммуникациялар факультетинин бүтүрүүчүсү, EurasiaNet’тин интерни. Учурда “Интерньюс” өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштейт, ошондой эле медианы өнүктүрүү жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар медиа эксперт: редактор, медиа серепчи, коомчулук менен байланыш боюнча менеджер, медиа-педагог, ЖМК жана медиа чөйрөсүндөгү саясат жана анын кызыкчылыктарын коргоо боюнча эксперт катары белгилүү.

Студент кезинде аналитикалык очерктерди даярдап, жигердүү жарандык позициясын көрсөткөн – 2003-жылы анын EurasiaNet үчүн даярдаган «Silenced Kyrgyz Editor Condems “General Pressure on Journalists”» аттуу макаласы жарык көргөн, ал эми 2005-жылы Элина Кыргызстандагы кырдаал боюнча ой-пикирин Global Voices’ко “Thoughts on the Kyrgyz Revolution. By Elina Karakulova” деген аталыш менен жибергенде, алар авторду белгилеп, коомдук мейкиндикке жайгаштырышкан .

2006-жылдан 2008-жылга чейин Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (Institute for War and Peace Reporting) Борбордук Азиядагы регионалдык долбоорунун башкы редактору болгон. Элина ошондой эле ЕККУ/ДИАУБ жана БУУӨП сыяктуу бир нече өкмөттөр аралык уюмдар менен кызматташып, Борбор Азиядагы Америка университетинин массалык коммуникациялар департаментинде инструктор болуп иштеген.

Элина Каракулова 2011-жылдан 2016-жылга чейин “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасынын жетекчиси болгон. Ал санариптик берүү, маалымат журналистикасы жана аудиториянын масштабын өлчөө боюнча эксперт катары да белгилүү.

Ошондой эле 2014-жылдан бери Кыргызстандын Маданият жана маалымат министрлигинин (учурда Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги) Маалыматтык саясат боюнча улуттук кеңешинин курамына кирет.

2016-жылы Элина “Интерньюстун” Кыргызстандагы регионалдык директору болуп иштеген.

Zero Waste[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылы Элина Кубанычбековна кыргызстандыктардын ичинен биринчилерден болуп Zero Waste ("Ноль отходов") глобалдык кыймылына кошулган [1]. Бул кыймыл экологияга кайдыгер эмес, экологиялык жашоо образын карманган, таштандыларды керектөөнү азайтуу менен алектенген, таштандыларды сорттоо боюнча өз алдынча жана жигердүү иш алып барган адамдардын башын бириктирет.

Маектеринин биринде ал дайыма “өзү менен кошо көп жолу колдонууга боло турган суу үчүн бөтөлкөнү, эко баштыкты жана кенеп майлыкты алып жүрөрүн, ага тамакты ороп койсо болоорун, же жеп түгөтө албай калсаң туура жок кылса болоорун, ошондой эле суюктук ичиш үчүн дат баспас болоттон жасалган түтүкчөнү алып жүрөрүн, себеби желимден баш тартпасак, алар көлмөлөрдү, деңиздерди жана океандарды булгап жатканын” белгилеген. Ал өзүнүн социалдык түйүндөрүндө экологиялык керектөөнүн принциптерин чагылдырып, экологияга арналган ар кандай иш-чараларга жигердүү катышып келет .

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://internews.kg/komanda/elina-karakulova/ Archived 2022-03-02 at the Wayback Machine

Маданият министрлигине караштуу Маалымат саясаты боюнча кеңеш түзүлдү - VESTI.KG – Кыргызстандын жаңылыктары // https://vesti.kg/obshchestvo/item/28932-pri-minkulturyi-obrazovan-sovet-po-informatsionnoy-politike.html

E. Karakulova. Silenced Kyrgyz Editor Condems "General Pressure on Journalists". EurasiaNet https://eurasianet.org/silenced-kyrgyz-editor-condems-general-pressure-on-journalists

Elina Karakulova in Bishkek https://globalvoices.org/2005/03/30/elina-karakulova-in-bishkek/

https://internews.kg/komanda/elina-karakulova/ Archived 2022-03-02 at the Wayback Machine https://www.zoominfo.com/c/internews/19710056 кто такой интерньюс

https://www.facebook.com/watch/?v=468581446868797 2 https://internews.org/people/elina-karakulova/1