Элирме

Википедия дан

Элирме (сомнамбулизм) — уйку бузулуунун сейрек учуроочу түрү.

Элирме катуу чарчап-чаалыгуудан, астениялык невроздо, истерияда, катуу оорудан сакая баштаган учурда, талма ооруларында байкалат. Элирме уктап жаткан учурда борбордук нерв системасынын тормоздолушу мээнин кыймыл-аракетти жөнгө салуучу участкасына жетпей калган учурда пайда болот. Уйкудагы адам сүйлөнсө же төшөгүнө отуруп алса бул анча толук эмес тормоздолуу болуп саналат. Бирок уйкудагы адам жаткан жеринен туруп, максатсыз басып жүрсө же түшүн кууп кетсе Элирме деп атоого болот. Адатта алар эртең менен эч нерсе эстей алышпайт. Элирип басып жүргөн адам жыгылып кетип, бир жерин оорутуп алуусу мүмкүн. Кырсыкты болтурбоо үчүн Элирмеси бар адам жаткан бөлмөнүн эшик-терезесин бекем жаап, электр приборлорун өчүрүп, отту ачык жерде күйгүзүп калтырбоо зарыл. Элирип басып жүргөн адамды токтотуп, этият сүйлөп ойготуп, төшөгүнө жаткырып, кайра уктагыча кайтаруу керек. Балдарда мындай абал катуу уктоодон болушу мүмкүн. Элирмеден жапа чеккен адамды сөзсүз врачка көрсөтүү керек.