Элкин-Тоо

Википедия дан

Элкин-Тоо"Манас" эпосундагы топоним. Айчүрөк ак куу болуп учуп, дүйнөдөгү алптарды сынап жүргөндө кечилдин каны Коңурбай жолугуп "Азапты мыкты салайын, Аткылап колго түшүрүп, Колукту кылып алайын" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 365), — деп жаа тартып, каран түндү саларда Айчүрөк качып барып кудайга муңун айткан жер.

Кыйын шашып Айчүрөк Ала-Көлдү басты эми, Эс жыйа албай Айчүрөк Элкин-Тоо чыгып жатты эми (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 367).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4