Эллиот Пейж

Википедия дан
Эллен Пейж‎»‎ барагынан багытталды)

Эллен Грейс Пилпотс-Пейж (англ. Ellen Page;1987-жылы 21-февралда туулган) - чыгармачылык чөйрөдө Эллен Пейж аты менен белгилүү канадалык актриса. Анын актрисалык карьерасы "Кичинекей ат" (англ. Pit Pony) "Трейлерпарктын балдары" (англ. Trailer Park Boys) "Кайра жаралуу" (англ. ReGenesis) деген канадалык телевизиондук тасмалардаги ролдорунан башталган. Ал 2005-жылы "Момпосуй" (англ. Hard Candy) тасмасынде ойноп Остин кинематографиялык коомунун "Эң мыкты актриса" номинациясындагы сыйлыгын жеңип алган. Актрисага Жасон Рейтмандын "Жуно" (англ. Juno) тасмасындагы негизги каармандын ролу ийгилик алып келген, ал үчүн актриса "Оскар" сыйлыгын, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын, "Алтын Глобус" сыйлыгын алган жана киноактерлор "Эң мыкты актриса" номинациясында Гильдиясынын сыйлыгына ээ болгон. Ушул эле ролу үчүн америкалык "Эркин дух", MTV киносыйлыгынын жеңүүчүсү болгон жана жаштардын Тиин чойс эвардс" (Teen Choice Award) сыйлыгынын "Комедия жанрындагы эң мыкты актриса" номинациясына татыктуу болгон.

Пейж "Х-кишилер" (англ. X-Men ) сериалында Китти Прайддын ролун ойногон. Актриса "Америкалык кылмыш" (англ. An American Crime, 2007) тасмасында катышып, "Трейси" (англ. The Tracey Fragments, 2007) тасмасындеги ролу үчүн Ванкувер кинокритиктер коомунун "Эң мыкты актриса" сыйлыгын жеңип алган. Ал 2008-жылы "Акылдуу адамдар" (англ. Smart People), 2009-жылы "Ур-сок" (англ. Whip It), 2010-жылы "Укмуш" (англ. Super), "Башталыш" (англ. Inception ) тасмаларында ойногон. Актриса "Эки жан дүйнө чегинде" (англ. Beyond: Two Souls, 2013)деген видео оюнда Жоди Холмстун кыймыл-аракетин туурап, үнүн коштогон (2013).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]