Эллин
Эллин (Эллада) мамлекеттеринин пайда болушу, диадохтордун (Александр Македонскийдин мурасчыларынын) ич ара күрөшү (б.з.ч. 4-кылымдын аягы- 3-кылымдын башы).
Александр өлгөн учурда (б. з. ч. 323-ж.) анын державасы Балкан жарым аралын, Эгей деңизинин аралдарын, Алдыңкы Азияны, Орто Азиянын түштүк райондорун, Борбордук Азиянын. Инд дарыясынын төмөнкү агымына чейинки бөлүгүн камтыган. Анда эң маанилуу саясий күч армия болгон. Ошондуктан ал өлгөн соң мамлекеттик түзүлүштүн формасын армия аныктаган. Бийлик негизинен Александрдын тушундагы жогорку аскер жана сарай кызматчыларына (ак сөөктөргө) тайген. Бул мезгилде ири эллин мамлекеттеринин - Птолемейлев, Селевкилер, Внфинийлер жана Понтий падышалыктарынын негизги чек аралары аныкталып калган. Диадохтордун а план аркы күрөшү Греция менен Македониянын аймагында жүргөн.
Элладанын гүлдөшү (б. з. ч. 3-к.- 2-кылымдын башы). 3-кылымдын башынан аягына чейин күрөш токтолгон эмес. Птолемей I менен Селевки I нин мурасчыларынын ортосунда Сирия менен Финикия жана Кичи Азияны талашуу улана берген. Акыры Селевкилер мамлекети начарлап, б. з. ч. 3-кылымдын орто ченинде андан Парфия падышалыгы менен Грек-Бактрия падыталыгы белунуп чыккан.
Эллада коомунун экономикалык өнүгүшүнүн бир кыйла мүнөздүү белгиси - товар өндүрүү жана сооданын өсүшү. Кичи Азия менен Сириянын деңиз жээгиндеги райондорунда стратегиялык пункттар, админ., экономикалык борбор болгон жаңы полистер түзүлгөн. Египет, Сирия, Кичи Азия, Греция жана Македония деңиз жолу менен үзгүлтүксүз катташып, Кызыл деңиз, Перс булуцу аркылуу соода жүргүзүү жолго коюлган.
Диадохтордун ортосундагы күрөштүн жарым кылым мезгили негизинен жаңы типтеги мамлекеттин жана татаал социалдык структуралуу жаңы эллада коомунун пайда болуу мезгили болгон. Грек полистери менен Македониянын ортосундагы күрөштү Рим билгичтик менен пайдаланган. Ал Македонияга каршы согушта жеңип, б. з. ч. 197-ж. аны менен тынчтык келишимин түзгөн. Римдиктердин жеңиши саясий кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөрткөн: Жер Ортолук деңиздин чыгышында эллада мамлекеттеринин бири да гегемондукка талаптана албай, майда мамлекеттердин - Вифинийдин, Каппадокийдин, Понттун, айрыкча Пергамдын (Римдин колдоосуна таянган) мааниси өсө баштаган.
Начарлоо жана Римге баш ийүү (б. з. ч. 2 - к.- 1-кылымдын аягы). Жер Ортолук деңиздин батышына Рим бийлигинин орношу Грециянын Сицилия ж. б. батыштагы колонияларына, ошондой эле Египет менен Сириянын, Түндүк Африка жана Италия менен 3-кылымда бекемделген традициялуу соода байланышына көп өзгөрүүлөр киргизген. Соода жолдору менен экономикалык борбордун орун алмашуу процесси башталган. Римдиктердин согуштук жана экономикалык экспансиясы Италияда жана жеңип алынган аймактарда кул ээлөөчүлүктүн интенсивдүү өнүгүшү менен коштолгон; калкты массалык түрдө эзүү, кулдарды сатуу жана кул эмгегин колдонуу сферасы кеңейген. Эллада мамлекеттеринин жана династияларынын ортосундагы карама-каршылыктардын курчушунда римдик дипломатия бир топ роль ойногон. Римдиктер б. з. ч. 96-ж. Киренаиканы, 58-ж. Кипрди. ЗО-ж. Египетти караткан. Эллада дүйнөсү саясий система катары Рим империясы тарабынан жок кылынган, бирок эллин доорунда түзүлгөн социалдык-экономикалык структуранын жана маданий традициялардын элементтери Жер Ортолук деңиздин чыгынышын андан аркы өнүгүшүнө өтө зор таасирин тийгизген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.