Эллипсис (лингвистика)

Википедия дан

Эллипсис (лингвистика) — түшүнүгүнүн так мааниси - түшүп калуу, калтырып кетүү, колдонбой калуу, б.а., белгилүү бир шартка, кептик кырдаалга, контекстке, стилдик өзгөчөлүккө, үнөмдөө кубулушуна байланыштуу бул же тигил сүйлөм мүчөсүнүн түшүп калышы, колдонулбай калышы, бул же тигил сүйлөм мүчөсүн атайын калтырып кетүү дегенди билдирет.

  • Мис., Сен эртең келесиңби?
  • Келем. Сен эртең келесиңби - толук сүйлөм. Келем - кемтик сүйлөм.

Сен эртең келесиңби деген толук сүйлөм аркылуу гана Мен эртең деген Эллипсистин бар экендигин, Мен эртең деген сөз айкашы сүйлөмдүн структуралык түзүлүшүндө түшүп калган, айтылбай калган (эллиптированный) синтаксема экендигин билебиз.

Эллипсис кубулушу, биринчиден, кемтик сүйлөмдөрдүн пайда болушунда, уюштурулушунда, өсүп-өнүгүшүндө негизги шарттардын бири болсо, экинчиден, тилдик каражаттарды ырааттуу колдонуу, аларды үнөмдөө, ушунун негизинде ар кандай тилдик кайталоолордон, чиеленүүлөрдөн четтөө сыяктуу стилдик муктаждыктар менен байланыштуу болот да, пикир алышуу учурунда ой-пикир так, кыска, түшүнүктүү болуп, информациянын көркөмдүүлүгү артат, кеп эвфониялуулукка жетишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4