Элли Голдиң

Википедия дан

Елена Жейн "Элли" Голдиң (англ. Elena Jane "Ellie" Goulding, айтылышы: /ˈɡoʊldɪŋ/ GOHL-ding; 1986-жылы 30-декабрь) - англиялык ырчы, ыр жазуучу. Эллинин чыгармачылык мансабы Starsmith жана Фрэнкмьюзик музыкалык продюсерлери менен таанышканындан бери башталган, аны Жем Лиллиуайт байкап, кийин Эллинин менеджери жана A&R-менеджери болот. 2009-жылдын июлунда, Polydor Records үндү жаздыруучу фирма белгисинде ырдап жүргөнүндө, кийинчирээк, ошол эле жылы, өзүнүн алгачкы An Introduction to Ellie Goulding (кырг. Элли Голдиң менен таанышуу) кичи-альбомун жаздырат.

2010-жылы Би-би-Синини жыл сайын өткөн Sound of... сурамжылоосу боюнча биринчи орунга татыган, ошол эле жылы Brit Awards сыйлыгы учурунда берилген "Сынчылардын тандоосу" сыйлыгына ээ болгон. 2010-жылы Элли, Lights (кырг. Чырактар) аталышындагы алгачкы студиялык альбомун жаздырып чыгарган, ал UK Albums Chart чартында биринчи орунду ээлеп Британияда 850000 альбому сатылган. 2010-жылдын декабрында Улуу Британиянын чарттарында биринчи орундарды ээлеген Элтон Жондун "Your Song" (кырг. "Сенин ырың") ырына жаздырган кавер-версиясын Элли 2011-жылдын 29-апрелинде Букингем сарайында өткөн ханзада Ульям менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү кечесинде ырдаган. Альбомдун "Lights" аталышындагы башкы треки АКШда 2011-жылдын мартында жаздырылып АКШнын Billboard Hot 100 чартында биринчи оруду ээлеген.

2012-жылдын октябрында Голдиңтин Halcyon (кырг. Бейпил) аталышындагы экинчи студиялык альбому жаздырылып чыгат. Альбомдон мурун анын "Anything Could Happen" (кырг. Эмне болсо да болот) башкы сингли жарыкка чыккан. Halcyon, UK Albums Chart чартында биринчи жолу экинчи орунду ээлеп пайда болгон, кийин 65 аптадан соң биринчи орунду ээлеген. Halcyon АКШнын Billboard 200 чартында биринчи жолу тогузунчу орунду ээлеп пайда болгон. Halcyon альбомунун кайрадан түзүлгөн Halcyon Days (кырг. "Бейпил күндөр") альбому 2013-жылдын 23-августунда жаздырылып чыгарылган, анда Улуу Британиянын эң мыкты сингли болгон "Burn" (кырг. "Жалындоо") аталышындагы жаңы сингли кошулган. 2014-жылы, Brit Awards сыйлыктарын берүү аземи учурунда Элли "Эң мыкты британиялык айым артисти" номинациясын жеңип алган. 2015-жылы 6-ноябрда Голдиң "On My Mind" (кырг. "Оюм боюнча") башкы синглин камтыган Delirium (кырг. Жөөлүү) аталышындагы үчүнчү студиялык альбомун жаздырган. 2015-жылдын декабрында Голдиң "Love Me like You Do" (кырг. "Дагы да сүйө бер") сингли менен "Эң мыкты соло поп-аткаруу" номинациясын жеңип алгачкы "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]