Эл аралык Славян Каналы

Википедия дан

Эл аралык Славян Каналы (орусча Международный Славянский Канал, украинча Міжнародний Слов'янський Канал, англисче Slavonic Channel International) – телекөрсөтүүчү канал.

Бүткүл дүйнөнүн славяндары менен дүйнөлүк коомго Славяндыктардын жашоо-тиричилигинин ар кандай жактары, уникалдуу славян тарыхы, бай традициялары, маданияты, жетишкендиктери жана дүйнө цивилизациясынын өнүгүшүнө славяндардын кошкон маанилүү салымы жөнүндө маалымат берүүнү көздөйт.

"Эл аралык Славян каналы" ("International "Slavonic Channel") эфирге 2008-жылдын 12 сентябрында Украинанын аймагынан спутник аркылуу чыккан (Sirius-4 Satellite 5° East Frequency 12075 MHz (H) Symbol Rate: 27,5 Msymb/s FEC 3/4 & Astra-2 Satellite 31,5° East Frequency 12090 MHz (H) Vertical Symbol Rate: 27,5 Msymb/s FEC 9/10). SCI сутка бою иштейт жана анын телекөрсөтүүсү калкы 1 миллиард 202 миллион болгон аймакты камтыйт. Телекөрсөтүү (эң алгач Украинанын аймагынан) төрт тилдеги жолдор: орусча, украинча, англисче жана продуктуну чыгарган өлкөнүн тилинде аркылуу жүрөт. Кийинчирээк телекөрсөтүү бир эле кезде славян өлкөлөрүнүн, ошондой эле француз, немис, испан, португал, араб жана кытай тилдеринде жүргүзүлөт. Телеканалдын тематикасы – маданий агартуу.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурдагы СССРдин аймагынан түздөн-түз спутник аркылуу берүүсүнүн биринчи тажрыйбасы катары Украинанын аймагынан "Эл аралык Славян каналынын" эксперименттик трансляциясы болгон. Эфирге 1994-жылдын 14 декабрынан тартып 1995-жылдын 15 майына чейин эксперименттик чыгуу жүргүзүлгөн. Долбоордун авторлору: Иваненко Владимир Александрович жана Иваненко Валерия Владимировна.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мащенко И. Г. Телевидение в Украине. Биринчи том. "Телевидение de facto". — Николаев, 1998. — 341 с.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Телеканалдын сайты Archived 2010-03-13 at the Wayback Machine