Эл аралык геофизика жылы

Википедия дан

Эл аралык геофизика жылы, үчүнчү эл аралык уюл жылы-67 өлкөнүн илимпоздорунун катышуусунда бирдей программа жана ыкма менен 1957-жылдын 1-июлунан 1958жылдын 1-январына чейин геофизикалык байкоо жана изилдөө жүргүзүлгөн мезгил.

Эл аралык геофизика жылынын программасына аэрология, метеорол., океанография, гляциология, гравитация боюнча жана магниттик, сейсмдик байкоолор кирген. Жогорку атмосферара - уюл жаркыроосу, ионосфера, метеорлор, ошондой эле космос нуру изилденген. Бул Күн менен Жердин байланышын изилдеөгө чоң салым кошкон. Изилдөөлөрдөн Антарктиданын жээктерине жакын циклон пайда болуунун 6 облусу, Түштүк муздак уюл (жылдык орточо температурасы - 57°С), шамалдын 110 км бийиктиктеги ылдамдыгы жана багыты ж. б. аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4