Эл аралык келишим

Википедия дан

Эларалык келишим – эки же бир нече мамлекеттин же эларалык укуктун башка субъекттеринин ортосундагы алардын саясий, экономикалык жана башка чөйрөлөрдөгү өзара укуктарын белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга байланыштуу түзүлгөн келишим. Эларалык укуктун негизги булагы. Э. к. – келишимдерди, макулдашууларды, пакттарды, трактаттарды, конвенцияларды, декларацияларды, коммюникелерди, протоколдорду ж. б. өзүнө камтыган тектик түшүнүк. Тигил же бул аталыштардын туруктуу белгиленген мааниси жок. Аталыштарына карабастан баардык Э. к. бирдей юридикалык күчкө ээ. Катышуучуларынын санына жараша эки тараптуу жана көп тараптуу (аймактык же универсалдуу) болуп бөлүнөт. Эгер Э. к-ге кызыкдар мамлекеттердин баары катыша алышса, анда ал ачык деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]