Эл аралык кепилдик

Википедия дан

Эл аралык кепилдик — кандайдыр бир мамлекеттин (мамлекеттер тобунун) аныкталган укугун же макамын сактоону, эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын же эл аралык мамилелердин белгилүү бир деңгээлин сактоону камсыз кылчу эл аралык байланыштагы башка катышуучуларынын иш аракетине карата мамлекеттин же мамлекеттер тобунун ишеним же кепилдик берүүсүн караган эл аралык-укуктук акт.

Эл аралык кепилдиктин өзөгү мамлекеттин бейтараптыгын же анын аймактык колтийбестигин сактоо болушу мүмкүн. Эл аралык кепилдик өз ара жана жамааттык болуп бөлүнөт. Адатта көп жактуу эл аралык келишимдер эл аралык укуктагы эл аралык кепилдиктин түзүлүү актысы болуп саналат. Эл аралык же мамлекеттик актыларга ылайык түзүлүп, мамлекеттин же географиялык бир чөлкөмдүн укугун, же болбосо макамын кепилдикке алууга даяр экендиги тууралуу келишим катышуучуларынын билдирүүсү эл аралык кепилдик катары саналышы мүмкүн. Бир тараптуу эл аралык кепилдикке да жол берилет (мисалы: насыя жөнүндөгү келишим боюнча кепилдик).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7