Эл аралык коомчулук менен байланыштар
Эл аралык коомчулук менен байланыштар. Коомчулук менен байланыш тармагындагы иш-чараларды булак, максатталган аудитория, билдирүү, курал сыяктуу коммуникация процессине байланыштуу баскычтарсыз түшүндүрүү мүмкүн эмес. Коммуникация менен байланыштуу болгон ар бир түшүнүк, коммуникацияга тиешелүү маданий түзүлүштү дагы түздөн түз изилдейт. Smith (1966) айтмакчы, коммуникация бул – маданият. Коомчулук менен байланыш боюнча дээрлик ар бир китепте коммуникация илиминдеги чаташкан процесстер изилденет. Күндөн күнгө көчүп жүргөн адамдардын санынын өсүшү, көчүү кубулушунун мүнөзүнүн алмашуусу, абдан чубалган маалымат технологиялары сыяктуу темалар коомчулук менен байланыш адистерин маданий жактан ар кандай элдер менен байланыш түзүүгө мажбур кылууда.
Эл аралык коомчулук менен байланыш ар дайым цивилизациялар арасы деңгээлде жүргүзүлгөн иш болуп эсептелет, анткени бул процесс; ар кандай улуттардын өкүлдөрүнүн эл аралык даражада өнүгүүсү биринчиден коомчулуктар, мыйзамдык/саясий жана тарыхый контексттердин түрдүү аралашмалары тарабынан түзүлөт. Бул процесс өзүбүздүн маданиятыбыз менен бирге түрдүү культураларды үйрөнүү жөнүндөгү жана коомчулук менен байланыштардын эмне болгонуна/эмне боло турганына тиешелүү ой-пикирибизди өнүктүрүүгө мажбур кылган мазмунга ээ.
Эл аралык коомчулук менен байланыш жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн жалгыз АКШдагы жана эл аралык аренадагы коомчулук менен байланыштар практикасынын окшоштуктарын гана эмес айырмачылыктарын да изилдөө керек. Сын-пикирдүү мамиле башка дисциплиналар үчүн да өтүмдүү. Мисалы, журналистиканы изилдеген илимпоздор ар кайсы өлкөлөрдөгү басма сөз жөнүндө изилдөөлөр жасалганда, журналистика практикасына таасир кылган мыйзамдык, саясий, экономикалык жана билим берүү системалары тегиздиги да изилденет.
Эл аралык коомчулук менен байланыштардын аныктамалары
Коомчулук менен байланыш адистери жана илимий кызматкерлер эл аралык коомчулук менен байланыштар тармагына күндөн күнгө көбүрөөк көңүл буруп башташты. Дүйнөнүн “глобалдык айылга” айланып бараткандыгынан коммуникация адистери ар түрдүү улуттар жана маданияттар менен мамиле куруу керек экенин айтышты . 1990-жылдардан күнүбүзгө чейин Public Relations Journal, Communication World, Public Relations View сыяктуу журналдарда глобалдык мазмундагы коомчулук менен байланыш боюнча көптөгөн макалалар жарыяланып келет. Эл аралык Бизнес Коммуникаторлор Ассоциациясы (International Association of Business Communicators, IABC), Америка Коомчулук менен Байланыш Ассоциациясы (Public Relations Society of America) сыяктуу кесиптик уюмдар, уюштурган улуттук конференцияларда “эл аралык коомчулук менен байланыштарды” дайым эскерип башташкан, өз юрисидикациясы алдындагы эл аралык ишмерлер үчүн бөлүмдөрдү ачып беришкен. Бирок бул тармакта изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий кызматкерлердин кээ бирлери гана “эл аралык коомчулук менен байланыштар” терминин аныктоого башташкан.
Wilcox, Ault жана Agee эл аралык коомчулук менен байланыштарды, - “Бир компаниянын, уюмдун же өкмөттүн башка өлкөлөрдүн эли менен болгон эки тараптын тең пайдасына таянган мамилелерди куруу үчүн түзгөн пландуу уюштурулган иш-аракеттери” деп айтышкан. Grunig болсо – “Коомчулук менен байланыштар адистеринин көптөгөн өлкөлөрдө иш жүргүзүүсүнө шарт түзүп берген же кызматташуу ичинде иштөөнү камсыз кылган перспектива” деп аныктаган. Booth чыныгы эл аралык коомчулук менен байланыштар адистерин “өлкөнүн чек арасынын сыртында кантип иш жүргүзүүнү билген” кишилер деп ойлойт. “Бир компаниянын, уюмдун же өкмөттүн башка өлкөлөрдүн эли менен болгон эки тараптын тең пайдасына таянган мамилелерди куруу үчүн түзгөн пландуу жана уюштурулган аракеттери” деген аныктама боюнча, көп улуттуу корпорациялар сымал мамлекеттер да эл аралык коомчулук менен байланыштардын ичинде орун алышкан . Kunczik – мамлекеттер үчүн коомчулук менен байланыштарды “өлкөнүн чет өлкөлөрдүн көзүндө имиджин өнүктүрүү үчүн көп учурларда мамлекет өз кызыкчылыктарын көздөгөн маалыматты пландуу жана үзгүлтүксүз формада таркатуусу” – деп аныктаган. Анын ою боюнча - жарнама, пропаганда жана коомчулук менен байланыштардын арасындагы айырмалар семантикалык оюндан келип чыгат. Laswell пропаганданы – “чыр-чатак учурундагы инсандардын позициясына таасир кылуу үчүн символдорду манипуляциялоо иш-аракети” деп аныктаган. Коомчулук менен байланыштардын атасы болуп саналган Edward Bernays’дин ою боюнча “коомчулук менен байланыштар” менен “билим берүү” арасындагы бир гана айырма бар – “билим берүү - ишенген нерселерди, пропаганда болсо – ишенбеген нерселерди жактоо” . Ошондуктан Kunczik, эл аралык коомчулук менен байланыштардын аныктамасынын негизинде азыркы маалда пропаганданын ордун коомчулук менен байланыш алган, башкача айтканда коомчулук менен байланыштар пропаганданын тереңирээк жана көркөмдүүрөөк келбетине айланган деп эсептейт.
Көрүнүп тургандай эл аралык коомчулук менен байланыштар, уюмдардын да коомчулук менен байланыштар адистеринин да иш-жүргүзүү аренасынын ар кандай улуттук-географиялык параллельдеринин кесилишкен чекитинде аныкталууда. Kunczik буга сын-көз караш менен карайт жана өкмөттү эл аралык коомчулук менен байланыштар саясатын аныктоодо жана өнүктүрүүдө негизги актерлордун бири катары көрөт. Kunczik өкмөттөрдүн эл аралык платформадагы терс имиджин оңдоодо коомчулук менен байланыштардан кантип пайдалануу керек экендигин айткан.
Акыры Тэйлор жана Кенттердин которгонуна жараша, Бэнкс, Ботан жана Нессманн сыяктуу илимпоздор көптөгөн изилдөөчүлөрдүн коомчулук менен байланыштар иш-чараларына байланыштуу көз караштардын этноцентрикалык болгонун, илимий кызматкерлер дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү коомчулук менен байланыштарына тиешелүү анык аргументтерге ээ болгондорун айтышат. Бул аргументтер критикалык жактан анализделүүгө муктаж. Ботан дагы эл аралык коомчулук менен байланыштар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимпоздор дайыма этноцентрикалык көз карашта болгонун айтат. Изилдөөчүлөр башка өлкөлөрдөгү коомчулук менен байланыш иш-чараларды түшүнүү жана баалоо үчүн өздөрүнүн батыштык теорияларын колдонушат. Бирок бул батыштык теориялары ошол өлкөлөрдөгү коомчулук менен байланыштар теорияларынын жана практикаларынын айырмалоочу жактарын түшүнүүдө жетиштүү эмес. Мисалы, Малайзияда жана өнүгүп келе жаткан башка өлкөлөрдөгү коомчулук менен байланыштарды түшүнүүнүн эң жакшы жолу болуп өкмөт менен болгон мамилелердин жакшы болуусу керек.
Бул контекстте башка улуттардын ичиндеги абалды түшүнүүдө “маданият” абдан маанилүү өлчөм катары алдыбызга чыгат. Маданият түшүнүгү көп жылдардан бери көптөгөн дисциплиналардын ичинде изилденгенине карабастан изилдөөчүлөр/адистер акыркы жылдарда гана маданияттын коомчулук менен байланыштарга таасир берүүчү өлчөм болгонуна көңүл бурушкан. Маданияттын таасири боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр этноцентризмге болгон кызыгууну чагылдырышат. Васкес жана Тэйлор дун аныктамасына таянып, этноцентрикалык теорияны “теориялардын коом жараткан маданий божомолдоолорду чагылдырганы менен жалгыз теориянын бардык коомдор үчүн ылайыктуу болгонун” болжолдогон теория катары аныктай алабыз. Этноборборчулук бир улуттун, элдин башка элге, улутка караганда маданий үстөмдүк аң-сезими менен байланыштуу. Бул көз карашка ээ болгон кишилер, изилдөөчүлөр башка маданияттарга азыраак баа беришет, өздөрүнүн нормаларына, баалуулук тенденцияларына, адаттарына, жүрүм-турум профилине туура келбеген бардык нерселерди шектүү, ал турсун анормалдуу деп кабыл алышат.
Бир топ өлкөлөрдүн АКШдагы коомчулук менен байланыштар техникаларын кайталагандары туура, бирок ошону менен бирге америкалык теориялардын, моделдердин, иш-чаралардын жана божомолдоолорунун эл аралык коомчулук менен байланыштар иш-чараларын аныктоо үчүн дал келүүсү жана жетишерлик болуусу талаш. Singh бардык өлкөлөргө дал келе турган макро моделдердин жетишсиздигине тиешелүү аныктаманы, Hofstede’дин Индиядагы уюмдарда жүргүзгөн, маданий тенденцияларды аныктоону көздөгөн анкеталык иш аркылуу ортого салган. Singh Hofstede’дин анкетасын колдонуп, маданий өлчөмдөр теориясында аныкталган моделдердин индиялык башкаруучу жана жумушчулардын жүрүм-турумдарын ачыктоого жетпегенин белгилеген.
Эл аралык коомчулук менен байланыштар адистери коомдук жана маданий айырмаларга сый мамиле кылуулары керек. Салыштырмалуу этика талкууланган Communication Ethics чыгармасынын жазуучусу жакшы макалды колдонгон – “Римде болсоң, римдиктердей бол”. Кээ бир өлкөлөрдө белек алып берүү көнүмүш адат болгону менен АКШда мындай адат паракорчулук менен барабар көрүлөт. Азыркы күндө коомчулук менен байланыштар этикасынын дагы бул перспективадан талкуулануу муктаждыгы бар. Анткени бир коомдо кабыл алынбаган көрүнүш башкасында макул деп табыла алат жана кеңири таркап кетиши да мүмкүн.