Эл аралык соода укугу

Википедия дан

Эл аралык соода укугу ― жеке жана юридикалык жактар катышкан эл аралык экономикалык (чарбалык) байланыштарды жөнгө салуучу ички улуттук жана эл аралык-укуктук ченемдердин, ошондой эле укуктук адат-салттардын жана ишкер каадалардын татаал жыйындысы. Эл аралык соода укугу улуттук же эл аралык укуктун өзалдынча тармагы болуп саналбайт. Ал эл аралык жекече укуктан баарыдан мурда, үй-бүлө, эмгек жана ишкердикке байланышпаган жарандык мамилелерге тийишпей, коммерциялык мүнөздөгү мамилелерди гана жөнгө салгандыгы менен айырмаланат. Эл аралык соода укугун ошондой эле эл аралык укуктун өзалдынча тармагы болуп саналган, негизинен мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу, экономикалык кызматташтыктын жалпы принциптерин белгилөөчү эл аралык экономикалык укук менен чаташтырууга болбойт. Кээде эл аралык соода укугу эл аралык соода укугу деп аталат. Эл аралык соода укугу укуктун жарандык, административдик, бажы, каржы (а. и. банк, салык), арбитраждык-процесстик, экологиялык ж.б. укук тармактарынын ченемдерин камтыйт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7