Эл аралык спорт бирикмелери

Википедия дан

Эл аралык спорт бирикмелери - дене тарбия, физкультура жана спорт боюнча бүткүл дүйнөлүк жана региондук өкмөттүк эмес эл аралык мекемелер. Бирикмеге улуттук, кээ бир учурда эл аралык спорт уюмдары, ошондой эле айрым мекеме, жеке адам да мүчө боло алат.

Мындай бирикмелер универсалдуу мүнөздө болуп, дене тарбия жана спорттун кандайдыр бир тармагында иши чектелген эмес ( мис., ЭОК); спорттун айрым түрү боюнча (мис., Лыжа спорту боюнча эл аралык федерация); дене тарбия, спортко түздөн-түз тиешелүү илим жана иш-чара тармактары боюнча (мис., Спорттук медицинанын эл аралык федерациясы); спортчуларды кесиби боюнча бириктирген (мис., Темир жолчулардын эл аралык спорт союзу); диний (мис., Католиктердин эл аралык дене тарбия жана спорт союзу); майыптардын (мис., Сокурлардын эл аралык шахмат боюнча ассоциациясы) ж. б. болуп айырмаланат. Кээ бири ышкыбоздор жана профессионалдар уюмдарын (мис., Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы) бириктирет; ошондой эле профессионал спортчулардын Эл аралык спорт бирикмелери (мис., Тенисчи-профессионалдар ассоциациясы) да бар. Мындай бирикмелердин максаты - спорттун улуттук уюмдарын түзүүгө жардамдашуу, алар менен байланышты чындоо, ал уюмдардын кабыл алынган уставды аткаруусун көзөмөлдөө, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп, өз тармагына таратуу, дене тарбия жана спорттун өнүгүшү үчүн материалдык каржы базасын түзүү, спорттун белгилүү түрүнө тиешелүү эреже жана жобо иштеп чыгуу, эл аралык мелдештерди пландоо жана уюштуруу, рекорддорду каттоо ж. б. Бул бирикмелердин бюджети улуттук спорт уюмдарынын мүчө акысынан, жеке адамдардын кайрымдуулук төлөмдөрүнөн, мелдеш өткөрүүдөн түшкөн кирешеден ж. б. булактардан чогулат. Алгачкы Эл аралык спорт бирикмелери - Гимнастика федерациясы (1881-ж. уюшулган), Коньки тебүүчүлөрдун союзу (1892), Эл аралык олимпиялык комитет. (1894). КРдин спорт уюмдары дүйнөлүк, Европа жана Азиянын бир нече спорт уюмдарына мүчө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4