Мазмунга өтүү

Эл аралык эне тил күнү

Википедия — ачык энциклопедия

Эл аралык эне тил күнү (англ. International Mother Language Day, фр. lla Journée internationale de la langue maternelle) - ЮНЕСКО эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Окумуштуулар жер жузундо 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөт. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили саналат. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда. Илимпоздордун изилдөөсүнө ылайык, эки жумада бирден тил жоголот.