Эл аралык эсептешүү акча бирдиги
Көрүнүш
Эл аралык эсептешүү акча бирдиги - жасалма ойлоп табылган акча бирдиги; бул бирдик ар кайсы өлкөлөрдүн валютасын салыштырып өлчөй турган жана алардын ортосундагы пропорцияны чыгара турган шарттуу өлчөмдүн масштабын түзүүгө багытталган.
Мындай бирдик эл аралык милдеттүү карыздарды, ар кайсы өлкөлөрдүн төлөмдөрүн, валюта резервдерин, кредиттерин, депозиттерин салыштыруу, ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдүн валюта курстарын жана банктык баланстын көрсөткүчтөрүн салыштыруу үчүн керек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4