Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы

Википедия дан

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) — ЭКӨБдүн өз алдынча бөлүмү; ал атайын өнүгүп келаткан өлкөлөргө (ЭКӨБдүн мүчөлөрү үчүн гана) жеңилдетилген (кээде 50 жылдык мөөнөт менен пайызсыз негизде) кредиттер менен зайымдарды берүү үчүн 1960-жылы банктын чечими боюнча түзүлгөн. Өзүнүн уставы бар, бирок иш жүзүндө ЭКӨБ башкарып, көп учурда банк менен бирдикте ар кандай долбоорлорду насыялайт. ЭӨА түзүмү: башкаруучулар кеңеши; аткаруу директораты; президент. Башкаруучулар кеңеши менен аткаруу директоратынын курамы ЭКӨБдөй эле. Башкаруу-тескөө иштерин ЭКӨБ кызматкери айкалыштырып иштөө менен жүргүзөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7