Эмаль

Википедия дан

Эмаль (французча  email) – жасалга-колдонмо көркөм искусствосунун термини. Ал көркөм сүрөт катары текши эмаль катмары жаткырылган же жука металл тоскучтар менен бөлүнгөн, майда чуңкурчалары ар түрдүү жасалгалык эмаль эритиндилери менен толтурулган анча чоң эмес металлдан (көбүнчө жез менен алтындан) жасалган буюмдарды бириктирет. Чуңкурлуу Э-да тосмолор чуңкурлардын чектеринде, буюмдун үстүңкү бетинде пайда болот; тосмолуу Э-да клаузоне тосмолордун ролун кууш металл тасмалары ойнойт, алар металлга кырынан бекитилет. Тунук, өткөрмө (жарым тунук) Э. калың эмаль катмарынан көрүнүп турган ар бир түстүк тактын түрлөрүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Э. катмарынын калыңдык бөтөнчөлүктөрү чуңкурлардагы «түптү» рельефтик иштеп чыгуу менен жетишилет. Кечирээк пайда болгон сүрөттүк Э. таптакыр башка каражаттар менен мүмкүнчүлүктөргө ээ, себеби аны кыл калем менен эмаль кыртышынын үстүндө аткарышат. Термин кээде көптүк санда колдонулат, к. Финифть макаласын. Кээ бир буюмдарга ылайык негизги көркөм материал болуп эсептелген айнек сымал эритиндилер Э. деп аталат. Э. тунук жана күңүрт (опактуу), жарым тунук (опалдуу) жана тунук болуп бөлүнөт. Көркөм керамикада Э. термини тунук эмес айнек сырды (глазурду) түшүндүрөт. Ал ак же түстүү болот жана майоликалык буюмдарда көбүрөөк колдонулат, к. Майолика макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]