Эмансипация

Википедия дан

Эмансипация (АЗАТТАНУУ) (лат. emancipatio – көзкарандуулуктан бошоо) – жашы жете элек өспүрүмдү толук бойдон аракетке жарактуу деп жарыялоо. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, 16 жашка толгон адам, эмгек келишими (контракты) боюнча иштеп жатса, же болбосо жеке ишкердик менен шугулданып жүрсө (ата-энесинин, асыроочуларынын же камкорчуларынын макулдугу менен), толук бойдон аракетке жарамдуу деп жарыяланышы мүмкүн. Э. көзөмөлчү жана камкорчу органдар тарабынан, ал эми ата-энесинин (асыроочулардын, камкорчулардын) макулдугу болбогон учурда, соттун чечими менен жүргүзүлөт. Ата-эне, асыроочулар, камкорчулар азаттанган адамдын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]