Эмгектин эл аралык бөлүнүшү

Википедия дан

Эмгектин эл аралык бөлүнүшү - коомдук эмгектин аймак боюнча тармактарга бөлүнүшүнүн жогорку формасы; айрым өлкөлөрдүн белгилүү продукция өндүрүүгө адистешүүсү.

Мунун зарылдыгы коомдун өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүү деңгээли менен аныкталат. Ал эл аралык сооданын кеңейишинин негизин, дүйнөлүк рыноктун өнүгүшүнүн обьективдүү базасын түзөт. Эмгектин эл аралык бөлүнүшү дүйнөлүк масштабда өндүргүч күчтөрдүн мындан аркы прогрессине жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнө, өндүрүштүн топтолушуна жана анын адистештирилишине түрткү берет. Азыркы учурда айрым товарды өндүрүүчү ишкананы ошол өлкөнүн географиялык абалына, климаттык шартына жана жаратылыш ресурстарына жараша ылайыктап куруу максатка ылайыктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4