Эмгекти сүйүү

Википедия дан

Эмгекти сүйүү - тубаса керектөө таризиндеги ишмердик.

Баланын турмушунун биринчи жылдарында эле айрыкча анын оюн ишмердигинде эмгектин элементтери арбын кездешет, өзүнө-өзү ээ болууда пайда болот. Эгерде пед. шарт-жагдайлар туура уюштурулса, баланын оюн улам татаалдашып олтуруп кадыресе эмгектик көнүгүүлөргө айланып алгачкы тажрыйбаларынын түптөлүшүнө өбөлгө түзөт. Үй-бүлөдө балдардын так аныкталган ар дайым аткаруучу милдеттери болушу зарыл. Алардын аткарылышын системалуу түрдө көңүл чордонунан чыгарбай дамамат текшерип туруу баланын колунан бирдеме келе тургандыгына ишеничин арттырат. Эмгек аркылуу жазалоо мүмкүн эмес. Тескерисинче, балдар өз алдынча аткарган ар бир иши үчүн алкоо, сыйлоого муктаж.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6