Эмпириомонизм

Википедия дан

Эмпириомонизм (гр. emperia – тажрыйба ж-а monos – жалгыз) –махизмдин бир түрү.

Эмпириомонизм дүйнө уюшулган бирдиктүү тажрыйба болуп саналат деген А. Богдановдун теориясына негизделген. Анын ою б-ча, тажрыйбанын бирдиктүү дүйнөсү таанып билүүнүн мазмуну түрүндө көрүнөт. Бул эмпириомонизм болуп саналат. Богдановдун айтымында Авенариус м-н Махтын философиясы дуалисттүү, анткени ал индивидуалдуу опыттын психикалык ж-а физикалык элементтеринин автономдуулук негизинде курулган, ага болсо монистикалык интерпретация берүү керек. Эмпириомонизм коомдук болмушу коомдук аң-сезим м-н окшоштурат да, тарыхтагы идеализмди жактайт. Эмпириомонизм В. Лениндин «Материализм жана эмпириокритицизм» китебинде ж-а Плехановдун эмгектеринде сынга алынган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8