Эмульсия

Википедия дан

Эмульсия (латын тилинен emulgeo – саайм), Дисперстик чөйрөсү менен дисперстик фазасы бири-бирине аралашпаган суюк гетерогендүү система. Э. жаратылышта кеңири таралган (сүт, май, каучук өсүмдүгүнүн ширеси, нефть жана башкалар). Э. туруктуулугун жогорулатуу үчүн эмульгаторлор колдонулат. Э. түз жана тескери болуп, эки түргө бөлүнөт. Мисалы, уюлдуу суюктук чөйрөсүндө уюлсуз суюктук таралышы (майда суунун таралышы м/с) түз эмульсия, ал эми «суунун май чөйрөсүндө с/м » тескери Э. пайда кылат. Э. курамын өзгөртүү же ага сырттан таасир берүү, түз Э. тескери, же тескери Э. түз Э. алууну шарттайт. Лиофилдик Э. өз алдынча пайда болот жана термодинамикалык жактан туруктуу. Лиофобдук Э. механикалык же электрдик Э. алынат. Алар термодинамыкалык жактан туруксуз, эмульгаторлор таасири менен гана туруктуу абалга келет. Э. майлоочу-муздатуучу суюктуктар, битум материалдар, пестицид препараттары, косметикалык заттар, дары-дармек, боёк, суюк самын, нефти айрым тамак-аш (май, маргарин) жана башка даярдоо технологиясында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]