Эмчектеги баланы тамактандыруу.

Википедия дан

3 айлык балага куйрук берууго болобу

Эмчектеги баланы тамактандыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланын денеси, анын органдары жана системалары өсүп, чоңоюшу үчүн аларга азык заттар абдан көп талап кылынат.

Бала эмизерде эмчекти тазалоо.

Бирок тамак сиңирүү органдарынын жетиле электигине байланыштуу тамак сиңирүүсү начар болот. Берилүүчү тамак-ашта жетиштүү өлчөмдө белок, май, углевод, витамин, туз жана суу болушу керек. Эгерде бала көп убакытка чейин жетишсиз тамактанса салмагы азайып, бою өспөй, түрдүү ооруга чалдыгат. Ал эми балага ашыра тамак берилсе зат алмашуусу бузулуп, салмагы көбөйүп, денеси борпоң болуп, ден соолугу начарлап оорукчан болуп калат. Ымыркай балдар үчүн эне сүтү эң керектүү сиңимдүү азык. Бала мүмкүн болушунча бир жашка чейин, өзгөчө алгачкы 6 айында эне сүтүн эмгени оң. Көпчүлүк учурда балдар эне сүтүн өтө аз эмишет же болбосо таптакыр ансыз чоңоюшат. Мындай учурда ден соолугу начар болуп, итий жана башкалар ооруларга дуушар болот.

Эне сүтү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эне сүтүнөн бала өсүп чоңоюшуна керектүү бардык азык заттарды алат. Ошондуктан эне сүтү жетиштүү жана сапаттуу болуш үчүн эне белгилүү режимде эс алып, түрдүүлөп тамактануусу зарыл. Бала эмизген эне ачуу, өткүр тамак, ичимдиктерди ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Эне күнүнө 0,5 л сүт ичүүсү керек. Эгерде эненин ден соолугу начар болуп температурасы көтөрүлсө, эне сүтү балага жакпаса эмизүүнү токтотуу зарыл. Эмчек эмизген эне жугуштуу оору менен ооруп калса баланы энесинен бөлүп стерилденген эне сүтү же даяр сүт аралашмаларын берүү керек. Эмчектин үрпү начар болуп, ага боюнда бар кезинде чара көрүлбөсө укалап же атайын упчу кийгизип эмизилет. Эмизер алдында колун, эмчекти жылуу суу менен таза жууйт же бор кислотасынын эритмеси (1 стакан сууга 1 чай кашык) менен сүртүү сунуш кылынат. Баланы төрөлгөндөн 2—6 сааттан кийин 1-жолу, андан кийин ар бир 3 саатта эмизет, түнкүсүн 6 саат дем алдырат. Бала 2 айга толгондон баштап, ар бир 3—5 саатта, күнүгө 6 жолу эмизилет. Төрт айдан баштап күнүгө 5 жолу ар бир 4 саатта эмизип, түнкүсүн 8 саат тамактандырбаса да болот. Баланы 15—20 мин. гана эмизет, себеби ошол убакыттын ичинде ал өзүнө жетиштүү өлчөмдөгү сүттү эмүүгө үлгүрөт. Эгерде эне белгилүү режимди туура пайдаланса, анда бала ошол режимге көнүп, белгилүү убакытта ойгонуп, эмизүүнү талап кылат. Эмизгенде ыңгайлуу отуруп, эмчек баланын мурдун жаап калбагандай кармоо керек. Ар бир эмизүүдө балага бир гана эмчекти берүү талапка ылайык. Сүттүн баарын эмбесе саап салган жакшы. Балага эмчек сүтүнөн сырткары суу берилет (суукта 50— 100 мл, ысыкта 100—200 мл). Кошумча тамак катары акшактан жасалган ботко же жашылчаны майда эзип берүү сунуш кылынат. Аны аз-аздан, күндөн күнгө өлчөмүн көбөйтүү керек. Эгерде бала адегенде эле көптөн иче баштаса, анын ичеги-карынынын иши бузулат. Бир тамакка көнгөндөн кийин экинчисин берген, оң. Эмизүүнү акырындап сейректетүү менен баланы эмчектен чыгаруу оңойлойт.
1 —1,5 айынан баштап түрдүү жемиш ширелерин 1—2 тамчыдан бере баштап, аздан көбөйтүп, 8—10 чай кашыкка жеткирилет.
Ширени балага эне сүтүнөн кийин гана берүүгө тийиш, анткени бала таттуу ширелерге көнүп кетсе эмчек эмбей коюшу мүмкүн. 2,5 айдан баштап алманы эзип берүү, 4 айында жумуртканын сарысын катуу бышырып, сүткө же каймакка аралаштырып берилсе эң пайдалуу. 5 айдан баштап ар түрдүү жашылчаларды эзип берүү, 5,5—6 айдан кийин ботко же жашылча сорполорун, 7—7,5 айдан эт сорпосун, ал эми бала 8 айга толгондон кийин этти майдалап туурап сорпосу менен берүү керек. Эне сүтү жетиштүү болсо деле балага 5 айынан баштап сөзсүз кошумча тамак берүү зарыл. Эне сүтү жетишсиз же жок болсо, анда балага биринчи эле күндөн баштап «Малютка» аралашмасын, ал эми 2 айдан баштап «Малыш» аралашмасын берүүгө болот. Мүмкүнчүлүк болсо «Биолакт» сүт кычкыл тамагы эне сүтү менен аралаштырып берилсе пайдалуу. Алыскы тоолуу райондордо дүкөндөн «Малютка», «Малыш» аралашмаларын сатып алганча убактылуу күнүгө 1—2 жолу аз-аздан буламык бышырып берүүгө болот. Эне сүтүн эмбей чоңойгон балага кошумча тамакты 1 — 2 ай эрте берген жакшы. Жемиш ширелерин бир айынан, жемиштерди 1,5—2, эзилген жашылчаларды 4, ар түрдүү ботколорду 5, ал эми эттин сорпосун же абдан майдаланган этти 7 айынан баштап берсе болот. Баланын 6—8 айынан баштап тиши чыгып, чайнаганды үйрөнө баштайт. Бала улам чоңойгон сайын майдаланган тамактарга канааттанбайт, ошондуктан ага 9—10 айынан баштап жашылча-жемиштерди жууп тазалап, бүкүлү бойдон колуна карматып койсо болот. Ал эми 11 айынан баштап өзүнчө кашык кармап тамактанууга көндүрүү керек.
Баланы тамактандырууда түрдүү оюнчуктар, китеп окуу, жомок айтуу менен алаксытууга болбойт, себеби тамактын сиңишин төмөндөтөт. Кээ бир ата-энелер балага берилүүчү тамак күчтүү болсун деп, тамакты каймакка даярдап, ага көп өлчөмдө май кошушат. Мындай майлуу тамактар баланын табитин бузуп, тамакты жегиси келбей, андан баш тартат. Баланы өзгөчө таттуу тамактарга да көндүрбөө керек, себеби таттууга көнгөн бала өзүнө керектүү жана пайдалуу башка тамактарды, жемиштерди жегиси келбей калат. Андай балдар түрдүү аллергиялык оорулар менен көп ооруйт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8