Эмчек (анатомия)

Wikipedia дан
Эмчектин түзүлүш схемасы: 1— эмчек үрпү; 2— сүт жолдору; 3— сүт бездери; 4— көкүрөктүн чоң булчуңу; 5— кабыргалар; 6— өпкө.
Эмчектин өсүшү бойго жетилүүнүн белгиси
Таннер боюнча эмчектин өөрчү фазасы жана чатыдагы жүндүн даражасы
Эдуар Мане, «Ачык төшчөн ак саргыл чачтуу айым» (1878)
Гюстав Курбе, «Сууга түшүп аткан айым» (1868)

Эмчек — сүт бөлүп чыгаруучу без.

Формасы, көлөмү, жайгашуусу[оңдоо]

Ал көкүрөк көөдөнүнүн үстүндө орун алган. Анын формасы, көлөмү жана жайгашуусу аялдын жашына, жыныс органдарынын өөрчүшүнө жана этек кирдин келишине жараша болот.
Бала эмизбеген учурда эмчектин формасы эки түрдүү болот:

  • жумуру (жарым шар сыяктуу) жана
  • конус сымал. Кыздардын эмчек безинин салмагы 150— 200 г, ал эми бала эмизген аялдардыкы 350—400 гга жетет. Ал бир нече безчелерден (бөлүктөрдөн) турат. Мисалы, бойго жеткен кыздардыкы 15— 20 безчелерге бөлүнөт. Алардын ар бири татаал исиркектерден турат. Исиркектердин бетинде бир катар куб сыяктуу клеткалар жайгашкан. Алардын ичиндеги май жана белоктун запастары сүт пайда болуу процессине катышат. Исиркектерден башталган түтүкчөлөр аркылуу сүт агып турат. Бала эмизбей калганда эмчектин исиркектери жоголуп, түтүкчөлөрү бүтүп, бездин бөлүктөрү бүрүшүп, көлөмү кичирейип, май басып калат. Эмчек бөлүктөрү бири-биринен борпоң келген тутумдаштырма ткань менен бөлүнүп турат. Ал жерди кан тамырлар жана нерв талчалары аралап өтөт. Эмчек үрпү каралжын тартып томпоюп турат. Ал жерде эң көп нерв талчалары, тер жана май без түтүкчөлөрү орун алган. Териде жайгашкан булчуң ткандары сүт агуучу түтүкчөлөрдүн ачылып, жабылып турушун камсыз кылат.

Кызматы[оңдоо]

Эмчектин кызматы — баланы эмизүү үчүн сүт бөлүп чыгаруу. Аялдын физиологиясына жараша эмчек безинин кызматы өзгөрүп турат. Себеби анын иштеши ички секреция бездери бөлүп чыгаруучу гормондордун жардамы менен тейленет.

Оорулары[оңдоо]

Эмчектин ар кандай ооруларынан мастоптоз, мастит, мастопатия жана башкалар көбүрөөк кезигет. Эмчек ооруларын алдын алууда жыныс органдарынын ооруларын өз убагында дарылоонун, айрыкча кош бойлуу жана бала эмизген учурда (Эмчектеги бала) өздүк гигиена эрежелерин туура сактоо, баланы эмчектен капысынан чыгарбоо мааниге ээ. Эмчекте катууланган жерди байкаганда врачка кайрылып, флюорография жасатып, андагы өзгөрүүнү өз убагында аныктоо зарыл.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8