Эмчектеги бала

Википедия дан

Эмчектеги бала — бир жашка чейинки бала.
Баланы дени сак өстүрүү, күч жана акыл-эсин туура калыптандыруу үчүн анын организминин айрым өзгөчөлүктөрүн билип, туура багуу зор мааниге ээ. Бала ымыркай (төрөлгөндөн кийинки биринчи 4 жума) жана эмчектеги мезгилге (1 жашка чейин) айырмаланат. Ымыркай баланын эне организминен сырткары жашоо шартына ыңгайлашуусу менен анын организминдеги көп органдар жана системалардын функциясы өзгөрөт. Ымыркай баланын ткандары менен органдарынын анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгү, иммунитетке ээ болуу жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги түрдүү ооруга көбүрөөк чалдыгууга, ошондой эле оорунун оор өтүшүнө алып келет.

Эмчектеги баланын дене салмагынын өзгөрүү схемасы (ай сайын кошуучу салмагы грамм менен берилген). К — кыз, Э — эркек бала.

Салмак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айына жетип (башка айтканда курсакта көтөрүү мөөнөтү бүткөндө — 39—40 жумада) төрөлгөн эркек баланын салмагы 3500±450г, кыздардыкы 3300 ±460 г болот. Бою (денесинин уз.) 47 смдей 57 смге (көбүнчө 50—51 см) чейин жетет. Төрөлгөндөн 3 күнгө чейин аз заара кылат (суткасына 4—5 жолу), бирок 1-жуманын аягы 2-жуманын ортосуна чейин суткасына 20—25 жолу, бир жашка жакын 15—16 жолу сиет. Ымыркай баланын нерв системасы жетишсиз өөрчүгөн. Бала төрөлгөндө шартсыз рефлекстер гана болот: жутуу, эмүү, эстөө, коргонуу (ооругандан, ысыктан, муздактан ыйлашы), чапчып кармоо жана башкалар Ымыркай бала жарыкты сезет, начар угат. Алар тез чарчагандыктан, анын уйкусу суткасына 17—18 сааттан кем болбошу керек. Ымыркай баланын организми энеден иммунитет алгандыктан жугуштуу оорулардын кээ бирине туруктуу болот. Ошону менен бирге аларда ириңдеткич микробдордон коргонуу күчү жетишсиз болуп, баланы өзгөчө таза багуу талап кылынат. Ымыркай бала жашоонун жаңы шартына көнө баштаганда өзгөчө, башка айтканда ооруга окшош, бирок дарылоо талап кылбаган абалда болот.

Балага клизма жасоо: жогоруда — клизмага керек буюмдар жана даярдык көрүү; төмөндө — балага клизма жасоодо аны сол жак кырына жаткырып, бутун бүгүү керек.
Баланын чоң (солдо) жана кичине (оңдо) эмгегинин проекциясы.

Аларга: салмагынын азайышы — ал бардык ымыркай балдарда алгачкы 3—4 күндө байкалат. Туура багып, тойгузса салмагы 4—5-күндөн тартып көбөйүп, 1жуманын аягында — 2-жуманын ортосунда алгачкы абалына келет; теринин физиологиялык сезгенүүсү — төрөлгөндөн 1-2-күнү териси, айрыкча кол чеңгели менен бут кетмени кызарып, ал бир нече сааттан 2—3 суткага созулат, андан кийин түлөй баштайт. 5—6 айлыгында баланын салмагы эки эсе, бир жашында үч эсе көбөйүп, 10—11 кгга жетет. Кичине төрөлгөн балдар чоң төрөлгөн балдарга караганда ай сайын көбүрөөк салмак кошот.

Бою[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчектеги бала бир жашында бала орто эсеп менен 25 смге өсөт. Алгачкы үч айында ай сайын 3 смге өсүп, кийин өсүү жайлап: 4—6 айлыгында — 2 — 2,5 см; 7—9 айлыгында 2 см жана 10—12 айлыгында ай сайын 1,5 см өсөт. Эмчектеги баланын, өзгөчө ымыркайдын териси өтө назик болгондуктан оңой эле жабыркайт. Баланы жакшы карабаса эти бышып, ириңдүү ыйлаакчалар чыгат.

Сөөктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчектеги баланын сөөк тканында туздар аз болгондуктан алар жумшак, ийилчээк келип, туура эмес бакканда (мисалы, баланы жаздыкка эрте отургузуп же бутуна эрте тургузганда) сөөгү ийрейип калат. Баш сөөктөрү бирикпей, үч же төрт сөөктүн кошулган аралыгында жумшак бөлүкчөлөр (эмгеги) болот, 3 айында кичине эмгеги катат; маңдайындагы чоң эмгеги 9—14 айында жетилет. Эмчектеги баланын башы салыштырмалуу чоң болот.
Эмчектеги баланын дене температурасы чоң кишиникине салыштырганда 0,3—0,4° Сге жогору. Алар сырткы чөйрөнүн температурасындагы өзгөрүүлөргө, өзгөчө ысыкка өтө сезгич келип, чөйрөнүн температурасынын таасиринен анын дене температурасы өзгөрүлүшү мүмкүн. Алардын өпкөсү менен дем алуу булчуңдарынын жетиле электигинен, ошондой эле чоң кишиге караганда кычкылтекти эки эсе көп талап кылгандыктан, бат-бат бир калыпта эмес жана үстүртөн дем алат; бир жашында өпкөсү жана дем алуу булчуңдары өсүп, дем алуусу тереңдеп, калыптанат. Баланын (өзгөчө ымыркайдын) жүрөк-кан тамыр системасы күчтүүрөөк иштейт. Тамырынын кагуусу (минутасына 120—140) өзгөрүлүп турат (бала ыйлаганда минутасына 160— 200-гө жетет). Чоңойгон сайын артерия кан басымы жогорулайт.

Тиштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дени соо баланын биринчи тиштери (эки астыңкы кашка тиш) 6—8 айында, 8—10 айында үстүңкү 4 кашка жана бир жашка чыкканда эки астыңкы кашка тиши чыгып, бир жаштагы баланын 8 тиши болот. Организми начар, өзгөчө итий болгон баланын тиштери кеч чыгат. Адатта тиши чыгарда бала ооруп, ичи өтөт, тамакка табити тартпайт, шилекейи куюлуп, чыргоолонот, эти ысыйт, начар уктайт. Бирок мындай учурда дарылоонун кажети жок. Тамак сиңирүү органдарын нервдик жөнгө салуу жетиле электигинен кичинекей балдар (өзгөчө ымыркайлар) кулгуйт, кусат, ичи көбөт, тез-тез заңдайт. Кээде эмчек ээмп жатканда аба жутуп алгандыктан да кулгушу мүмкүн. Баланын эмчек эмгенине карата анын ден соолугун байкоого болот (ооруп калган бала эмчекти начар эмет же эмбей коёт).

Кыймылдын өсүшү жана психиканын өнүгүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир айлык кезинде баланы тикесинен көтөргөндө башын кармоого аракеттенет. 2 айында башын жакшы токтотуп, көмкөрөсүнөн жатканда башын, көкүрөгүн көтөрөт. 3 айында көмкөрөсүнөн жаткырса бала чыканагына жана билектерине таянып, денесин көтөрөт, жамбашынан жөлөсө отурат, чалкасынан капталына оодарылат, башын түз кармайт. 4 айында эркин кыймылдайт; алаканына таянып көтөрүлөт, чалкасынан көмкөрөсүнө которулат, буюмдарды чапчып, сылайт жана кармалайт. 5 айында жөлөнүп отурат же колтугунан жөлөсө бир нерсени кармап буттарын бүкпөй түз турат. 6 айында жөлөөсүз эле отурат, көкүрөгүнөн жөлөсө туруп, бут шилтөөгө аракеттенет. 7 айында эмгектейт, өз алдынча отурат, тизесине турат, керебетке жармашат, көкүрөгүнөн жөлөсө бут шилтеп басат, оюнчукту бир колунан экинчи колуна алат. 8 айында өзү отурат, жатат, бир нерсеге таянып ордунан турат, басууга аракеттенет. 9 айында өзү турат, эки колунан кармап жетелесе басат, турса өзү отура алат, тизелеп турат. 10 айында өз алдынча отуруп, турат, стулду түртүп басат, бир колунан жетелетип басууга аракеттенет. 11 —12 айында бир колунан жетелесе жакшы басат, өзү кадам шилтейт, отурат, буюмду жерден эңкейип алат.

Эмчектеги баланын кыймылынын ай сайын өөрчүү схемасы.

Кыймылынын өсүүсү менен катар таанып-билүүсү да өнүгөт жана тили чыгат. Төрөлгөндүн 2-жумасында эле бала ойгонгондон кийин бир нече мин. көзүн ачып жатат, ачка болгонун сезип ыйлайт, бармагын сорот. Эненин эмчеги жакындаганда тыбырчылай башын эмчек жакка буруп, оозун ачат, соруу жана жутуу кыймылдарын аткарат. Бир айында бош койсо буту-колун сереңдетет, башын бурат, жалтырак буюмдарды карайт. Тежемел багылган бир жарым айлык бала жаңы тамакты көнгөн тамагынан айырмалайт. 2 айында кишинин үнү чыкса башын бурат; түрдүү эмоциялык реакциялар пайда болот: чакырса жылмаят, үн салат. 3 айында буюмду көрсөтүп жылдырса ээрчип тиктеп карайт, үн чыккан тарапты боолголоп башын бурат, тааныш буюмдарын билет, аларга кызыгып, кармалоого аракеттенет, каткырып күлөт. 4 айында кыймылды ээрчип карайт, чоочун кишини байкайт, илинип турган оюнчуктарды кармалап ойнойт. 5 айында энесин жакшы таанып, жакындарын билет, өзүн чакырганда сезет, шалдыракты алууга колун түз сунат, көпкө кармап турат. 6 айында оюнчуктар менен ойнойт, аларды чачат, муундарды бөлүп (мисалы, «ма», «ме»), айтууга аракеттенет, кашыктан тамак жей алат, тамакты көргөндө оозун ачып, сугунат. 7 айында күзгүдөн өзүн көрүп талпынат, сөздү түшүнө баштайт, былдырап сүйлөйт, «отур», «тур», «жат», «алакан чап» дегендерди аткара алат, буюмду турган жеринен көзү менен издейт, чакырса колдон колго өтөт, «а-та», «а-па» муундарын кайталайт. 8 айында чоң кишиден үйрөнгөн кыймылдарды суроо боюнча кайталайт, өзүнө жаккан буюмду алууга же табууга абдан аракеттенет; оюнчуктар менен кызыгып ойнойт, аларды көңүл коюп карап, бир-бирине ургулайт жана башкалар 9 айында үйдүн ичинде буюмдарды издейт, айтканды (мисалы, «колуңду бер», «колуңду булга» жана башкалар) аткарат, майда буюмдарды чогултат, идиштин ичиндегилерди чубап чыгарат. 10 айында оңой сөздөрдү айтат, аталган оюнчукту таап берет, тыйганды, жумшаганды түшүнөт, бетин жаап жашынбак ойнойт. 11 —12 айында көп буюмдун атын билет, 10— 12 сөздү («эне», «ата» жана башкалар) айтат, дененин бөлүктөрүн көргөзөт. Баланын дени сак өсүшү үчүн тазалык жана таза аба эң керектүү шарт болуп эсептелет. Балага ылайыкталган бөлмөдө аба, жарык жетиштүү болуп, керектүү гана мебель коюлат. Күн сайын пол, мебель, терезенин текчелерин чаңдатпай ным чүпүрөк менен сүртүп, шыптагы жана дубалдын боорундагы чаңды жума сайын тазалап туруу керек. Бөлмөнү тазалоо учурунда баланы сыртка сейилдетип жүргөн оң. Кышында бөлмө ар бир 2—3 саатта 10—15 мин. желдетилип, бөлмө температурасы 18°—20°С болгону жакшы (ымыркай бала үчүн 21—22°С). Өтө жылуу бөлмөдө кармалган балдарга суук бат тиет. Баланы багууга керектүү бардык буюмдар — вазелин май жана кебез, упчу, дененин жана суунун температурасын өлчөөчү термометр, клизма үчүн №1 баллончо, жылыткыч, көзгө дары тамчылаткыч, бор кислотасынын 2%түү эритмеси, марганцовканын мала кызыл жаңы эритмеси, йод же бриллиант жашылынын эритмеси керебеттин жанына коюлган кичинекей столдун үстүнө даки менен жабылып турууга тийиш. Баланын төшөнчүсү. Баланы коюнга алып жатууга болбойт, анын өзүнчө керебети болууга тийиш. Керебетти аба жетпеген бурчка, жылыткычтардын жана эшиктин жанына коюуга болбойт. Кичине балдардын матрацын жууп жана желдетип турат. Деңиз чөбү, жылкынын кылы жана жыгачтын майда таарындылары жана башкалар салынган матрацтар жакшы. Матрацка клеёнка төшөп, үстүнө шейшеп салынат. Матрацты жакшы жуулчу кездемеден тыштайт. Балага жаздык жаздалбайт, ал эми чоң жаздыкка жаткыруу зыян. Эмчектеги бала көп уктайт, ошондуктан анын тынч уктоосуна шарт түзүү зарыл. Төшөнчүсүн таза кармап, керебетин, төшөнчүлөрүн жайып же бөлмөнүн терезесин же форточкасын ачып желдетүү зарыл. Баланы колго алып же керебетте терметүү туура эмес. Дени сак бала терметпесе деле жакшы уктайт. Баланы сейилдетүүдө колясканы колдонсо болот, кара Балдардын коляскасы.

Баланын кийими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланы ороп-чулгабай аба ырайына жараша кийиндирүү керек. Кийими жылуу, жеңил келип, баланын кыймылына, тердин бууланышына тоскоол болбошу зарыл, өзгөчө жайдын күнү ороп-чулгоо зыяндуу, ансыз да бала ысыктан шалдырайт. Баланы жылаңбаш уктаганга үйрөткөн жакшы.
Эмчектеги баланын ич кийими — жалаяк, арты ачык көйнөк, момозуй кофта (узун туюк жеңдүү) жана башка. 2 айдан баштап жалаякка оробой, туюк шым, 3 айдан баштап кичинекей шым, колго токулган чокой, туюк шым кийгизсе болот. Күн сайын жуулгандыктан 8—12 арты ачык көйнөк жана туюк шым, 4—6 жылуу кофтасы (момозуй же байка) болгону оң. Алаасына койгуч дакиден эки кабаттап же эски шейшептен, салфетка материалдарынан, чыттан 60 х 65 см өлчөмүндө жасалат. 100 х 100 см өлчөмүндө жука чыттан 24, момозуйдан 12 жылуу жалаяк болууга тийиш. 2 топу же 2 жука жоолук, ошондой эле 2 жука жана бир жылуу одеяло болушу зарыл. 3 айдан 1 жашка чейинки балага 5 жука жана 5 жылуу арты ачык көйнөк, 5—6 момозуй кофта, жайкы 5—6 чыт кофта; суукта кийүү үчүн 10—13 жылуу туюк шым; 10—15 жеңил жайкы туюк шым; жылуу жүн костюм; жылуу жүн топу (эки кат); 2 жука топу; кышкы пальто; жайкы пальто; 1 жуп кол кап керек. 8—9 айында бала турууга аракеттене баштайт, ошондуктан кийими кыймылына тоскоол болбогудай болуу керек. Бул мезгилде арты тилик көйнөк алды тилик көйнөк менен алмаштырылат. 11 —12 айлык балага ботинка, кышында кийиз өтүк же кийиз ботинка керек. Кышында баланы жылуу кап төшөктө таза абада уктатса болот.

Баланы ороо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адегенде столго байка одеялосу, анан клеёнка, жылуу жалаяк, чыт жалаяк, эң акырында алаасына коюлчу үч бурчтуу даки салынат.

Эмчектеги баланы ороо ырааттуулугу (1—8).

Оболу балага арты ачык жука көйнөк, анан момозуй же трикотаж кофта кийгизилет. Кийимдери бүктөлүп калбасын үчүн жакшылап жазып, алаасын жаап, чыт жана момозуй жалаякка колтуктан ылдый оройт. Баланын колун бош, жылаңбаш койсо да болот. Эгер бөлмөнүн температурасы 19—22 'С болсо андан башка ороонун кереги жок. Ашыкча ороп-чулгоодон денесине ысык чыгышы мүмкүн.

Гигиенасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалаягын жана ич кийимдерин таза кармап, кирин өзүнчө башка идишке чогултуу керек. Сийдик болгон жалаякты самындап жууп, кайнатып, кургаган соң эки бетин тең үтүктөө зарыл. Балдардын жалаягын, кийимдерин жууганга синтетикалык жуугуч каражаттарды колдонууга болбойт. Баланы күн сайын киринтип, денесин, колтугун, жука чурайын жакшылап жууп, бышарып кетпес үчүн моюн, кулак, колтук, жука чурай бүктөөлөрүнө акталган өсүмдүк майын сыйпайт. Бети-колун жылуу суу менен жууп, көзүн кебезди кайнатылган сууга же бор кислотасынын эритмесине (1стакан сууга 1 чай кашык) нымдап сүртүү керек. Баланын колун дайыма таза кармап, тырмагын алып туруу зарыл.
Ал үчүн учу жок өзүнчө кайчыны урунуу оң. Кулагын кебезден билик чыйратып, кайнатылган сууга нымдап тазалайт, ал эми шиш, ширеңкенин талы, чач бекиткич жана башкалар менен чукулоого болбойт. Кулагынан бир нерсе акса, врачка тез кайрылуу керек. Бала заңдаган сайын астын жылуу суу менен жууп (кыздардыкын алдынан артын көздөй жууйт) кургата аарчып, андан кийин вазелин, өсүмдүк майы, балдар бет майы менен майлап же кургаткыч сепме себет. Мурундун тазалыгына өтө көңүл бөлүү зарыл. Мурду бүтүп калган бала оозу менен дем алып, эмчек эме албай калат. Мындан тышкары мурун менен дем алуудан өпкө жана көкүрөк жакшы өнүгөт; тамакты жакшы ичип, жакшы уктайт, ооруга аз чалдыгат. Баланын мурдун вазелин жана акталган өсүмдүк майына малынган кебез билик менен тазалоо керек.

Баланы киринтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы 5—7 күндө (киндиги түшкөнгө чейин) баланы жалпы ваннага киринтпей, кайнаган жылуу суу менен денесин самындап сүртүп турат. Киндиги 7 күнгө чейин түшпөсө, киринтүү жөнүндө врач менен кеңешүүгө туура келет. Баланы 6 айга чейин күн сайын, андан кийин күн алыс киринтет. Баланы түнкү уктатар алдында киринткен оң. Киринткенде суунун температурасы 30—35°С, алгачкы үч жумасында жылуураак (36—37°С), бөлмө температурасы 20—24°С болгон жакшы. Сууга өзгөчө жайкысын териге ысык чыкканда марганцовка (терини күйгүзүп албоо үчүн сууга кристаллын салууга болбойт), ит уйгак (череда) кошуу пайдалуу. Ваннадагы суунун температурасын термометр салып өлчөө сунуш кылынат. Баланы жумшак, майлуу, терини дүүлүктүрбөгөн самын («Детский») менен жумасына 2—3 жолу жуунтуу керек. Түктүү сүлгүдөн тигилген жумшак кол кап же ным тарткыч кебез менен жууган жакшы; былпылдак бат кирдейт жана аны тазалоо кыйын. Баланын бетин ваннадагы сууга жуубай, өзүнчө идиштеги сууга жууп, кулакка суу кирип кеткенден этият болуу зарыл. Башын какач калтырбай таза жууш керек, какач жакшы кетсин үчүн киринтерден бир канча саат мурун өсүмдүк майы менен башын майлап коёт, эгер какач кетпесе врач менен кеңешүү зарыл. Кирингенден бала чарчабашы керек. 6 айга чейинки баланы 5 мин., 6 айдан өткөндөн кийин 10 минутадан ашык ваннада кармоого болбойт. Киринткен соң таза суу (ошол эле температурадагы же 1°Сге төмөн) менен жаба куюп чайкап, шейшепке ороп кургатып, балдар бет майы же өсүмдүк майы менен теринин бырышкан жерлерин (колтугун, моюнун, кулак түбүн, чурайын) майлап чыгат. Эгер 2—3 айдан өткөн баланын бышарган жери болбосо, кирингенден кийин майлабаса деле болот. Кышкысын кечинде уктаардын алдында же тамактангандан 2 сааттан кийин киринткен оң.

Сейилдетүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланы бардык эле мезгилде күн сайын таза абада сейилдетүүгө болот (катуу жамгыр, шамал жана башкалар болбосо). Таза абада көп болгон бала жакшы өсөт, аз ооруйт; тамакка табити ачылып, тамак сиңирүүсү, кан айлануусу жакшырат. Эгер бала жайында төрөлсө төрөт үйүнөн чыккан күндөн тартып сейилдетүү сунуш кылынат; кышында төрөлсө 2—3 жумалыгында (абанын температурасы 10°Сден төмөн болбосо) баштаса болот. Адеп сейилдөө 10 мин., андан кийин анын убактысын 5—10 мин. көбөйтүп отуруп, 3 айлыгында күнүнө 4 саатка жеткирилет (кышында). Жайында баланы мүмкүн болушунча күнү бою (күн ысыгыча) сыртта сейилдетүү керек. 2 — 3 айынан баштап суук мезгилде баланы күнүнө ар бир жолу 2 сааттан ашык эмес 2—3 маал сейилдетүү зарыл. Сейилдетүүдө баланы аба ырайына жараша кийинтип, бетин ачык коёт. Сейилдеп жүргөндө баланын колу жана мурду жылуу, бирок тердебегендей болуу керек. Бир аз мурду бүтүп, бирок эти ысыбаса сейилдөөгө алып чыкса болот. Күн чакчайып тийген жерде сейилдетүүгө болбойт. Жайкысын сейилдетүүдө убактысы менен суу ичирип туруу сунуш кылынат.

Эмчектеги баланын денесин чыңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланы төрөлгөндөн баштап эле таза абага көндүрүү керек. Таза аба тамакка табитин ачып, денени чыңдайт, ар кандай оорулардан сактайт. Алар тез ысып, тез үшүйт.

1-сүрөт. Арка булчуңдарын өстүрүүчү жана чыңдоочу көнүгүү: баланы кырынан жаткырып, манжалар менен омуртканы бойлото өйдө-ылдый сүрүү. 2-сүрөт. Буттун булчуңдарын чыңдоочу көнүгүү: баланы чалкасынан жаткырып буттарын алмак-салмак бүгүп жана сунуу. 3-сүрөт. Курсак жана бут булчуңдарын чыңдоочу көнүгүү: баланы чалкасынан жаткырып, эки бутун бир мезгилде бүгүп-сунуу.

Андыктан температуранын өзгөрүүсүнө акырындап көнүктүрүү зарыл. Абага көнүктүрүүдө этияттык талап кылынат. Денени чыңдоону бөлмөдө аба ваннасын алуудан баштоо керек. Эмчектеги бала үчүн абанын температурасы 21 — 22°С болууга тийиш. Балага суук тийбесин деген ойдо тез ороого шашып же жалаяктарды мешке жылытып орошот. Мындай учурда дайыма жылуу жалаякка оролгон бала чөйрөнүн темпрасына көнбөй суукка тез урунат. Жалаяктарды алмаштырганда 2 мин. жылаңач жаткыруу менен аба ваннасына акырындап өтүү сунуш кылынат. Аба ваннасын туура пайдаланса баланын организми үчүн пайдасы чоң. Суук мезгилде аба ваннасын бөлмөдө, жылуу мезгилде сыртта жасоого болот; күнүнө адегенде 1 — 2 мин., анан 3—5 мин. жылаңачтап коюп, акырындап убактысын көбөйтүп жарым саатка жеткирет. Көнүккөндөн кийин 20—18°Сде аба ваннасын жүргүзсө болот. Оорукчан балдарды акырындап жылаңачтоо керек: адегенде колу-бутун, анан белге чейин, аягында бүт чечиндирет. Бир жашка чейинки балдардын ден соолугун чыңдоодо суу процедурасы абдан пайдалуу. 3—4 айлык мезгилинен баштап ным чүпүрөк менен сүртүү сунуш кылынат. Бул процедурага өтүүдөн мурун баланын терисин алдын ала көнүктүрүү керек. Ал үчүн 1 — 2 жума кургак момозуй же жумшак жүн кездеме менен баланын денесин кызарганча сүртөт. Суу процедурасын түктүү кездемеден жасалган кол капты сууга салып, сыгып алып денени сүртүп жасайт. Алгач колун, анан көкүрөгүн жана ичин, далысын, куйругун жана бутун сүртөт. Суу болгон денени түктүү сүлгү менен тери бир аз кызарганча сүрүп кургатат. Дененин сүртүлбөй турган жерлерин одеяло менен жаап коёт. Сүртүүгө пайдаланылган сууга туз (1 стакан сууга 1 чай кашык) же атыр (1 стакан сууга 1 аш кашык) кошсо болот. Суунун температурасы адегенде 35—36°С, 5—7 күндөн кийин 32—33°С; андан соң ай сайын 1° төмөндөтүп отуруп, 30°Сге чейин түшүрүлөт. Сүртүү уктап ойгонгондон кийин эртең менен 5—6 мин. жүргүзүлөт. Денени чыңдоону токтотууга туура келсе, кайра баштаганда суунун температурасы акыркы күндөгүдөн 2—З ка жылуу болуу керек. Эгер көпкө токтолсо процедураны эң башынан баштоого туура келет.

Денени чыңдоо бардык эле балдар үчүн, өзгөчө ден соолугу начар балдар үчүн пайдалуу, бирок анын жолдорун тандоодо сөзсүз врач менен кеңешүү керек. Денени чыңдоодо баланын көңүлү ачылып сергүүгө тийиш. Процедура туура жасалбаса бала чыргоолонуп ыйлашы мүмкүн. Эгер бала ооруп калса, салмак кошпосо, процедура баланы өтө тынчсыздантса денени чыңдоону токтотуп, врачка кайрылуу зарыл.

Массаж жана гимнастика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Массаж жана гимнастика баланын денеси менен психикасынын туура өсүп өнүгүшү үчүн маанилүү факторлордон болуп саналат. Массаж жана гимнастика 1,5—2 айынан баштап жасалат. Гимнастика комплексин жана массаж жасоо ыкмаларын поликлиникада участкалык врач же медициналык сестра үйрөтөт. Кышында жакшы желдетилген, температурасы 20°Сден төмөн болбогон бөлмөдө, жайында абанын температурасы 20—22°Сден төмөн болбосо сыртта (көлөкөдө) жасоого болот. Массаж жана гимнастиканы тамактандыруудан 30 мин. мурда же тамактандыргандан 1 —1,5 сааттан кийин бийиктиги 70 смдей столго одеяло, клеёнка жана жалаяк салып жасоо ыңгайлуу. Ар бир көнүгүү же массаж 2—6 жолу кайталанат. Эмчектеги балага үйдө массаж жасоонун негизги ыкмасы — сылоо жана сүргүлөө. Алар колу-буттун учунан жогору карай жеңил, назик жана жай жүргүзүлөт. Массаж мезгилинде кол жана бут жарым-жартылай бүгүлгөн абалда болот, 3—4 айга чейинкилердин колу-бутун катуу бүгүп, жазуу жарабайт, булчуңдары жана байламталары чоюлуп калышы ыктымал. 1,5—3 айлыгында шартсыз рефлекстерге негизделген көнүгүүлөрдү жасатуу керек: омуртканы сылаганда бала колу-бутун сунат, көмкөрөсүнөн жаткырганда башын көтөрүүгө аракеттенет, таманын кармаласа бутун серпет жана башкалар Баланын кыймылын күчөтүү да пайдалуу (денесин сылоо же аны менен сүйлөшүүдө бала буту-колун тыбырчылатат). 3—6 айында баланын колу-бутун этияттап кыймылдатуу (өзгөчө 3—4 айлыгында) — колу-бутун кайчылаштыруу, булчуңдарын жазуу, далысын көтөрүү жана башкалар зарыл. Бул мезгилде эмгектөөгө көндүрүүчү көнүгүүлөрдү киргизип, ал ачык түстөгү оюнчуктар менен коштолгону дурус. Баланы күнүнө бир канча ирет көмкөрөсүнөн жаткыруу керек.

4—5-сүрөт. Кол булчуңдарын чыңдоочу көнүгүүлөр: баланы чалкасынан жаткырып, колун өйдө көтөрүп, ылдый түшүрүү (4-сүрөт) жана көкүрөгүнө эки колун кайчылаштыруу (5-сүрөт). 6-сүрөт. Курсак булчуңдарын өстүрүүчү көнүгүү: баланы чалкасынан жаткырып, эки колунан кармап отурган абалга келтирүү. 7-сүрөт. Кол жана арка булчуңдарын чыңдоочу көнүгүү: баланын бутунан кармап эки колу менен «бастыруу». 8—9-сүрөт. Баланы эмгектөөгө үйрөтүүчү көнүгүүлөр: баланы көмкөрөсүнөн жаткырып, оюнчукту көрсөтсө ага жетүү үчүн бала аракет жасайт. 10-сүрөт. Ийин курчоосу менен көөдөн булчуңдарын чыңдоочу көнүгүү: бала жердеги оюнчукту алуу үчүн эңкеет. 11-сүрөт. Арка жана кол булчуңдарын чыңдоочу көнүгүү: баланы көмкөрөсүнөн жаткырып, эки колунан алып артка бир аз чалкалатуу. 12-сүрөт. Көөдөн булчуңдарын чыңдоочу көнүгүү: баланын бутун бир кол менен кармап, көкүрөгүн экинчи кол менен жөлөп көтөргөндө бала мойнун, көөдөнүн чыңалтып чалкалайт.

6 —10 айлык балдардын дене жана кол-бут булчуңдарын чыңдоодо эмгектөөсү чоң мааниге ээ. Бул мезгилде бала чоңдордун көрсөткөнү боюнча айрым көнүгүүлөрдү өзү жасайт. Көнүгүүлөр комплексине чалкасынан көмкөрөсүнө которулуу, колун айландыруу, бүгүү, отуруп-туруу жана башкалар, ошондой эле көнүгүүлөрдү ачык түстөгү жана ар кандай формадагы оюнчуктар менен да жасоого болот. 10—14 айлыгында бутун көтөрүп таякчага жетүү, колунан кармап отуруу, эңкейүү жана түзөлүү, «кирпичке» чыгуу жана андан түшүү сыяктуу көнүгүүлөрдү кошсо болот.

Эмчектеги баланы тарбиялоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчектеги баланы тарбиялоо алгачкы күндөн башталат; ал туруктуулукту, сабырдуулукту, көп күч-аракетти, ар кандай ыкма колдонууда ийкемдүүлүктү талап кылат, оройлук менен зордоо жарабайт. Үй-тирмиликтеги жетиштүү шарт жана үй-бүлөнүн ынтымагы баланы туура тарбиялоону камсыз кыла албайт, талыбаган эмгек жана мээримдүүлүк чоң мааниге ээ. Тарбиялоо процесси акырындык менен жөнөкөйдөн татаалга өтүп, улам кайталанып, бышыкталат. Баланы тарбиялоо — ата-эненин биргелешкен эмгеги жана ага ата активдүү катышууга тийиш.
Бала төрөлгөндүн алгачкы жылында күн тартибин уюштурууга, гигиеналык адаттарга көндүрүүгө, көрүү, үн кабылдоолорун, кыймылын жана сөз байлыгын өстүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Тамактануу, уктоо, сейилдөө, ойноо жана башкалар дайыма бир мезгилде өткөрүлсө бала күн тартибине тез көнөт. Гигиеналык адаттар тазалыкка үйрөтөт. Күндөлүк ванна, жуундуруу баланы сууга көнүктүрөт. 6—7 айында киринткен учурда ага калкуучу оюнчуктарды берүүгө болот.
Жакшы отура баштагандан кийин гана күлтүккө отургузууга болот. Күлтүккө уктап тургандан же тамактангандан 15—20 мин. өткөндөн кийин отургузган оң. Түнкүсүн уйкусун бузуп же сийип койгондон кийин күлтүккө отургузуунун кажети жок. Баланы көп кыймылдоого үйрөтүп, кыймыл-аракетке көнүктүрүү зарыл. Массаж жана гимнастика ар кандай кыймылга үйрөтүүдө чоң мааниге ээ. Жашына ылайык келбеген көнүгүүнү зордоп жасатуу зыян. Андан бала көп кыймылдай албай, кыймылы менен нерв-психикалык өнүгүшүнө терс таасир тийгизет.
Байланышуу формаларын өнүктүрүү 3 айынан башталат. Бул мезгилде бала айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп, тааныш буюмдарын билет жана ажыратат, аларга кызыгып, кармалоого аракеттенет, ошондуктан ар түрдүү оюнчуктарды берүү керек. Бала менен так жана интонация менен сүйлөшүү зарыл; сүйлөө кыска болуп керектүү сөздөргө басым жасалат. 7 айлык бала сөздү түшүнө баштайт, ошондуктан тааныш аталган буюмдарды табууга үйрөтүүгө болот. Бул мезгилде ал отур, тур, жат, алакан чап дегендерди аткара алат. 6—7 айлык бала муундарды бөлүп айта алат. Адегенде ачык түстөгү жана үн чыгарган оюнчуктарды, бөлмөдөгү айрым буюмдарды, кишинин атын айтууга, буюмдарды көргөзүп, анын атын атоо, кыймылдарды түшүндүрүп, адеп чоңдордун жардамы менен, анан өз алдынча жасоого үйрөтүү керек («топту бер», «куурчак кайда экенин көргөзчү» жана башкалар ушундай сыяктуу). Ал үчүн бала сөзгө жакшы түшүнүүсү жана аны кайталоосу тийиш.
Балдар менен сүйлөшкөндө алар сүйлөй алган сөздөрдү орду менен пайдаланып, баланын тилин тууроо, тилди чайнап, сөздү бузуп сүйлөө жарабайт. Баланын тили бара-бара такталып так сүйлөөгө үйрөнөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8