Уйку

Wikipedia дан
Уктап аткан арстандар, Серенгети
Уктап аткан чочколор
Никифор Крылов. Уктап аткан бала

Уйкуорганизмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы; ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнүн таасирине реакциянын төмөндөшү менен мүнөздөлөт.

Уйкунун таасири[оңдоо]

Мында организмдин ишке жөндөмү, айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жүрөктүн иштеши, дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу. Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».

Уйку келүүнүн себеби жана дүүлүктүргүчтөр[оңдоо]

Уйку мээ кыртышындагы тормоздолуу процесстеринин пайда болушуна байланыштуу. Организм сергек кезинде нерв клеткаларында белгилүү заттардын сарпталышына карата өзгөрүүлөр болуп турат. Уйкудан кийин нерв клеткалары өз калыбына келет. Уйку үргүлөөдөн башталып, акырындап тереңдейт. Тормоздолуу абдан тереңдеп, мээ кыртышынын астындагы бөлүктөргө тараганда уйку катуу болот. Киши белгилүү убакта, белгилүү шартта уктаганда уйку тез келет. Мындай учурда тигил же бул шарт уйкуну козгойт, ошондуктан көп учурда көнүп калган шарт бузулса киши уктай албай кыйналат. Үргүлөөгө дайыма бир өңчөй дүүлүктүргүч себеп болот, себеби мындай дүүлүктүргүчтөр улам-улам кайталанып, мээ кыртышынын клеткаларынын көпчүлүгүндө тормоздолуу процесси жүрөт (мисалы, жаандын, китеп окуунун уйку келтирүү таасири). Аны менен бирге күчтүү дүүлүктүргүч уйку келтирүүгө тоскоол болот. Ошондуктан уктардан мурда жарыкты, радиону өчүрүп, жакшылап жамынып, ыңгайлуу абалда жатуу керек.

Ыңгайлуу уйку[оңдоо]

Толук эс алуу жана көпкө созулган уйку ыңгайлуу төшөктө гана мүмкүн. Төшөктү таза кармап, мезгил-мезгили менен кагып, чаңдан арылтып, матрац, жаздыктарды көбүрөөк желдетип, күнгө кактоо зарыл. Кыймыл жана дем алууга тоскоол кылбаган ич кийим кийип жатуу керек. Уктаганда чүмкөнүп жатууга болбойт, ал дем алууну кыйындатат. Уктоочу бөлмөдөгү аба таза болууга тийиш, күн жылуу мезгилде терезени ачып, кышкысын уктарда бөлмөнү желдетип же форточканы ачып коюу сунуш кылынат. Уктаардын алдында 10— 15 мин. сейилдөө абдан пайдалуу, ал нерв системасын сеп алдырат. Уйкунун алдында ваннага түшүү же бутту ваннага (ысык эмес) салуу да жакшы. Тамакка абдан тоюп же ачка жатса да уйку тынчсыз болуп, ар кандай түш көрөт. Ошондуктан уйкунун алдында майлуу эмес, эти азыраак тамак жеп, кофе же чайды көп ичпей жатуу талапка ылайык. Уктарда тамеки тартпоо керек.

Жакшы уйкунун натыйжасы[оңдоо]

Жакшы уйку кишинин ишке жөндөмдүүлүгү менен ден соолугун бир калыпта кармоодо абдан маанилүү. Уйкунун узактыгы жаш өткөн сайын азаят, мисалы, 1 жашка чейинки бала суткасына 18, чоң киши 7—8 саат, улгайганда андан да аз уктайт. Кээ бир кишилердин уйкусу тиешелүү убакыт созулса да, уйкусу канбай калат. Мындай терең эмес, тынчсыз уйку акыл эмгеги менен көп иштегенде же абдан кызыктуу китеп окуганда болот. Терең уйкуда түш көрбөйт. Мындай уйку нерв клеткаларын абдан жакшы калыбына келтирет. Бирок жакшы, терең уйкуда мээ кыртышынын клеткаларынын бардыгы эле бир өңчөй тормоздолбойт. Уйку канчалык катуу болсо да, уктаган киши кээ бир дүүлүктүргүчтөргө сезгич келет. Мисалы, эне чарчап катуу уктаганда кыйкырыкты, түрткөндү сезбейт, ал эми баласы акырын эле ыйласа ойгонот. Киши дайыма жетишсиз уктаганда ишке жөндөмдүүлүгү, нерв системаларынын абалы начарлайт. Көп учурда уйкунун бузулушу (уйку басуу же уйку качуу) оорунун белгиси болушу мүмкүн. Ал учурда врачка кайрылуу зарыл.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8