Мазмунга өтүү

Нерв

Википедия дан
Нервдер‎»‎ барагынан багытталды)
Нерв системасы.

Нервдер (лат. nervus) — мээ менен нерв түйүндөрүн, денени орган жана ткандар менен байланыштыруучу (иннервацияланган) нерв тканынан турган талчалар.

Ал кыймылдаткыч (борбордон качуучу) жана сезгич (борборго умтулуучу) нервдерге бөлүнөт. Айрым нервдер борборго умтулуучу жана борбордон качуучу нейрондордун учтарынан турат. Булар аралаш нервдер деп аталат.

Организмдеги бүт нервдердин жалпы тобу четки нерв системасын түзөт. Булчуңдар, муундар жана тери менен борбордук нерв системасын байланыштырып турган нервдер — четки, ал эми жүрөктүн булчуңдарын, дем алуу жана дем чыгарууну, бездердин ишин башкаруучу нервдер вегетатив нервдери деп аталат.

Ар бир нерв талчалары жука туташтырма ткань кабыкча — эндоневрит менен курчалган. Ал талчалардын тобу нерв боочосун түзүп, ал боочолор периневрит менен капталган. Кишинин мээсинен 12 жуп, жүлүндөн 31 жуп нервдер чыгат. Алардын ар бир жубу дененин белгилүү бөлүгүн нервдештирет (Баш мээ нервдери, Жүлүн нервдери).

Нерв оорулары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Нерв оорулары

Нерв системасынын жабыркашы. Оорунун пайда болушуна жугуштуу оорулар (менингит, полиомиелит, энцефалит), мээ кан тамырларынын атеросклерозу, гипертония жана башкалар оорулар, аракечтик, нерв системасынын кырсыкка чалдыгышы, шишиктери себеп болот. Ошондой эле нерв системасынын тукум куума өзгөчөлүгү да чоң мааниге ээ. Улгайган адамдарда нерв системасын жабдыган кан тамырдын жашка жараша өзгөрүшү да нерв ооруларына түрткү болот. Нерв оорулары органикалык жана функциялык болуп айырмаланат. Органикалык нерв ооруларыда нерв системасынын структурасы өзгөрөт. Функциялык Нерв оорулары чарчап-чаалыгуудан, өтө кайгыруудан болот (Невроздор).

Дарылоо жана алдын алуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо оорунун себебине жана жабыркоонун мүнөзүнө жараша жүргүзүлөт. Нерв ооруларын алдын алууда организмге инфекциянын киришинен, уулануудан (өзгөчө наркотик менен алкоголдон), кырсыктан сак болуу, баланы кичинесинен туура тарбиялоо, организмди чыңдоо, спорт менен такай машыгуу, туура тамактанып, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу мааниге ээ.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8