Жүлүн нервдери
Жүлүн нервдери алдыңкы жана арткы жүлүн бутактарынын биригип, кошулушунан түзүлөт. Жүлүндүн 31 сегментинин ар биринде бирден жуп Жүлүн нервдери, башкача айтканда 8 жуп моюн, 12 жуп көкүрөк, 5 жуп бел, 5 жуп куймулчак жана 1 жуп чычаң нервдери болот. Жүлүн нервдери негизинен терини, булчуңдарды, муун баштыктарын нервдештирет. Алар сезгич жана кыймылдаткыч нерв талчаларынан турган аралашма нервдер. Ар бир жүлүн нервдери омуртка тешиктеринен сыртка чыккандан кийин алдыңкы, арткы кабык жана байланыштыруучу бутактарга ажырайт. Жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактарынын составында сезгич, кыймылдаткыч жана вегетатив нерв жипчелери бар. Бул жипчелер моюндун, көкүрөктүн, курсактын жана кол-буттун булчуң менен терисин нервдештирет. Жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактары калган бутактарынан айырмаланып моюн, ийин, бел жана куймулчак чатыштарын түзөт, калган бутактары чатыштарды түзбөйт.
Аталган чатыштарды түзүүгө жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактарынын бир нечеси катышат. Мисалы, Жүлүн нервинин алдыңкы бутактарынын жогорку төртөө моюн чатыштарын, ылдыйкы төртөө жана биринчи көкүрөк бутагы ийин чатыштарын түзөт. Ал эми жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактарынын бир нечеси бел жана куймулчак чатыштарын түзөт. Булчуңдарга жана териге ушул чатыштардан чыккан гана нерв талчалары жетет. Ар бир чатыш денеде анын белгилүү гана бөлүктөрүн нервдештирет. Мисалы, моюн чатышы бүткүл моюн булчуңдарын, моюндун терисин жана боор этти нервдештирет. Ийин чатыштары ийин жана колдун булчуңун, терисин жана муунун нервдештирет. Ал эми бел жана куймулчак чатыштары дененин бел көчүк бөлүгүн жана бут булчуңдарын нервдештирет. Жүлүн нервдеринин арткы бутактары тулку бойдун арт жагындагы кежигеден чычаңга чейинки көп булчуңдарды жана терини нервдештирет. Жүлүндүн алдыңкы жана арткы бутактарындагы көп сандаган сезгич жана кыймылдаткыч нерв талчалары муундарда, булчуңдарда жана териде болгон ар түрдүү өзгөрүүлөрдү (ысуу, муздоо, жыгылуу урунуудагы сезимдер) тезинен жүлүндөгү борборлорго жеткирип, кайрадан жооп кайтарат.
Жүлүн нервинин кабык бутакчалары болсо омуртка тешиктери аркылуу кайрадан омуртка каналына өтүп, каналдын ички бетин, жүлүндүн катуу кабыгын жана анын бетиндеги майда кан тамырларын нервдештирет. Жүлүн нервинин байланыштыруучу бутактары алдыңкы бутактардын башталышынан бөлүнүп чыгып, өз жагында жайгашкан омуртка жанындагы симпат нерв түйүндөрүнө барып кошулат. Андан ары симпат нерв бутактарынын составында ички органдарга жетет да, ал органдардан борборду карай сезүү импульстарын жеткирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8