Уйку качуу

Википедия дан

Уйку качуу — түнкү уйкунун ар түрдүү бузулуулары (көпкө уктай албоо, аз уктоо, эрте ойгонуу же түнкүсүн бир нече ирет ойгонуу, же такыр уктай албоо).

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мындай уйку үстүртөдөн болуп, уйку канбайт. Уйку качуунун себептери түрдүүчө болот. Ал айрым жүрөк-кан тамыр, дем алуу жолдорунун жана психикалык ооруларда, невроздо, мээнин травмасында жана башкалар пайда болот. Кээде дени соо киши да өтө чарчаганда, толкунданганда, өз убагында жатпаганда (түнкү иш, кечки окуу), түнөй турган жер өзгөргөндө, кандайдыр бир оорунун башталышында уйку бузулат. Улгайган жана кары кишилерде физиологиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу уйку үстүртөн жана кыска болот. Уйку качуу түрдүү себептерге байланыштуу болгондуктан, аны калыбына келтирүү жолдору да ар башка. Дени соо кишилердин уйкусу калыбына келет. Ал үчүн дайыма бир убакта жатуу, бөлмөнү жакшылап желдетүү, жатар алдында сейилдөө, бал менен сүт же кант салынган жылуу суу же мышык тамыр, долононун жалбырагын кайнатып ичүү сунуш кылынат. Уктар алдында 8—10 мин. жылуу ванна алуу да уйкуну жакшыртат. Эгерде андан да уйку калыбына келбесе врачка кайрылуу керек. Врач Уйку качуунун себеби болгон негизги ооруну таап дарылайт. Уйку келтирүүчү дарыны врачтын көрсөтүүсү менен гана пайдалануу керек. Өз алдынча дары каражаттарын колдонуу түрдүү кабылдоого ага көнүп кетүүгө алып келет.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уйку качуунун алдын алуу үчүн ага себепкер ооруларды алдын ала дарылоо керек. Жатарда ашкере тамак жегенге, ачуу демделген чай, кофе ичүүгө, тамеки тартууга, көпкө китеп окууга болбойт (Уйку).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8