Эндемия

Википедия дан

Эндемия — белгилүү аймакта табигый жана социалдык шартка байланыштуу айрым оорунун узак убакыт бою сакталышы.
Айрым жугуштуу оорулардын эндемиясы белгилүү аймактын биологиялык шартына, табигый очоктуулукка байланыштуу (Табигый очоктуу оорулар). Кээ бир жугушсуз оорулардын эндемиясы ошол жердин топурак, суу, абасынын химиялык составына байланыштуу болот. Мисалы, сууда йод жетишпесе эндемиялык богок; топуракта, сууда фтор көп болгондо флюороз (Тиш) пайда болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8