Эндогамия

Википедия дан

Эндогамия (гр. «ички», «нике» маанисинде) белгилүү бир топтун ичинде никелешүүгө артыкчылык берүү салты.

Эндогамия уруктардын экзогамиясы менен бирдикте алар кирген уруунун экзогамиясы катары пайда болгон. Коомдун өнүгүшүнүн алгачкы баскычтарында уруулар - эндогамиялуу, уруктар - экзогамиялуу болгон. Касталык эндогамияда (мисалы, Индияда) бир гана кастага кирген адамдар никелеше алган. Эндогамия көпчүлүк аймактарда жакын туушкандардын ортосунда мүлктү сактап калуу аракетинен келип чыккан. Эндогамия исламга чейинки арабдарда кенен жайылган салттардан болгон.

Уруу-уруктук коомдун (алгачкы общиналык же жамааттык коом) түзүлүштүн бузулуу процессинде көптөгөн элдерде ортокузендик никени, салт кылган патронимиялардын же тууган топтордун экзогамиясы, ошондой эле локалдык, касталык, диний сословиелик, этностук же расалык топтордун эндогамиясы пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.