Эндоэтнонимдер

Википедия дан

Эндоэтнонимдер - уруктун, уруунун, этнографиялык топтун, элдин, улуттун өзүн-өзү атоосу, этностук жактан өзүн таануусу.

Мис., кыргыз, казак, түркмөн, түрк, азербайжан ж. б.

Эндосперм (эндо... жана гр. sperma - урук) - өсүмдүктүн уругундагы түйүлдүктүн өөрчүшүнө керек азык зат топтолуучу ткань.

Жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдө Эндосперм уруктанууга чейин пайда болот. Гүлдүү өсүмдүктөрдө түйүлдүк баштыкчанын клеткасында кош уруктанууну пайда болот. Эндосперм өсүп жаткан түйүлдүктү азык зат менен камсыздайт. Көпчүлүк гүлдүү өсүмдүктөрдүн, дээрлик бардык бир үлүштүүлөрдүн, көпчүлүк эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн уругунда болот. Айрым гана эки үлүштүүлөрдө (чанактууларда, татаал гүлдүүлөрдө, кайчы гүлдүүлөрдө, ошондой эле ак кайың, эмен ж. б.) Эндосперм болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4