Энергиянын жылышы

Википедия дан

Энергиянын жылышы – электрондун дүүлүгүүсүндө көп эселенген энергиянын нурлануусуз берилиши.

Кошулма заттарда, оптикалык кыймылсыз эритмелерде (суюктук, айнек, кристалл) люминесценция борборунда кошулмалардын молекулаларынын жана атомдорунун топтолушу өтө чоң болгондо борбордон борборго өткөндөгү Энергиянын жылышы байкалат: бул учурда Энергиянын жылышы диполь – диполдук жана өз ара аракеттешүүнүн алмашуусунун резонансы (Фестер механизми) менен аныкталат. Кристаллдарда Энергиянын жылышы экситондор аркылуу энергиянын берилиши менен шартталышы мүмкүн, көпчүлүк учурлара Энергиянын жылышы экситондордун кыймылынын диффузиясы катары да каралат. Энергиянын жылышы сезгич люминисценцияга же өчүүчү люминесценцияга алып келет. Энергиянын жылышы биологиянын фотосинтез процесс-инде эбегейсиз зор мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]